Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 09.11.2018 14:01 На русском

Москвада поезд сүзүп кеткен кыргызстандык жигиттин сөөгүн алып келүүгө туугандары жардам сурайт

Turmush -  Москва шаарында поезд сүзүп каза болгон 21 жаштагы жарандын сөөгүн Кыргызстанга алып келүүгө туугандары коомчулуктан жардам сурайт.

Москвадагы кыргыз диаспарасынын өкүлү Улан Кошматовдун маалыматына караганда, кырсык 5-ноябрда каталган. Анда кыргыз жараны Садырбай уулу Улукбек жумуштан кеч чыгып, үйүнө баратып, темир жолдон өтүп жатканда поезд сүзүп кеткен. Ал тез жардам кызматы менен Москвадагы №67 ооруканага жеткирилген. Алган жараатынан улам жана кан көп жоготкондуктан ооруканада каза болгон.

Улукбек Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда 1997-жылы туулгандыгы аныкталган. Ал үй-бүлөдө жалгыз уул болгон. Атасы буга чейин каза тапкан. Ал апасы, эжелери болуп Москва шаарында иштеп жүргөн.

«Азыр маркумдун сөөгү Москвадагы №5 соттук өлүкканада турат. Сөөктү тез арада уруксат кагаздары чогултулган соң, Москва—Ош багыты боюнча Кыргызстанга узатышыбыз керек. Сөөктү узатууга маркумдун жакындарында шарт жок болгондуктан, алар коомчулуктан жардам сурайт», - дейт Улан Кошматов.

Каражат чогултуу үчүн банктык эсеп: 4279380019172826

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×