Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 09.11.2018 13:04

Жаш талант: 15 жаштагы футболчу Карлыгач облустун курамасында ойноп, ийгилик жаратууда (сүрөт)

Turmush -  Ак-Суу районунун Качыбек айылынын 15 жаштагы тургуну Карлыгач Жекшенбекова Ысык-Көл облусунун футбол боюнча кыздар курама командасында ойноп, ийгиликтерди жаратууда. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Карлыгач 3 жылдан бери футбол ойнойт. Ал облустук команда менен турнирлерге катышууга да жетишти.

«Биздин мектепте футбол ийрими ачылып, алгач жөн эле катышып көрдүм. Кийинчерээк кызыгуу пайда болуп, көбүрөөк машыгып, үйрөнүп кеттим. Башында аябай эле оор болду. Көп чуркап, топ тебүү, команда менен ойноо сыяктуу кыйынчылыктарга туш болдум. Бир жыл машыккан соң жакшы жыйынтык көрсөткөнүм үчүн Каракол шаардык курама командасына кабыл алышты. Ал эми быйыл облустук кыздар курама командасына кошушту. Ысык-Көлдүн курамасы менен республикалык олимпиадада ойноп, өлкө боюнча 3-орунду ээледик. Өзүм диплом, медалдар менен сыйланып жүрөм.

Бош убакта машыгам, үйдөгүлөргө жардам берип, сабак окуйм. Ошондой эле англис тили боюнча ийримге барып, тил үйрөнөм.

Келечекте жакшы бир кесиптин ээси жана мыкты футболчу болууну максат кылам. Үй-бүлөдө эки бир туугандын улуусумун», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×