Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Нарын облусуНарын району 09.11.2018 11:05

Нарын районунда 30 өспүрүм милициянын каттоосуна алынган

Turmush -  Үстүбүздөгү жылдын 9 айына карата Нарын районундагы мектептерде окуган 30 өспүрүм жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын каттоосунда турат. Бул тууралуу райондо өткөн коллегиялык жыйында айтылды.

Окуучулар өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан текшерилип, каттоого жана көзөмөлгө алынган. Инспекциянын кызматкерлери тарабынан кылмыштуулуктун алдын алуу максатында ата-энелер жана коомчулук менен биргеликте жыйындар өткөрүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп келет.

Мектептин айланасында жана мектептин ичинде коомдук тартипти сактоо,чоочун адамдардын кирүүсүн чектөө жана окуучулардын жүрүм-турумун көзөмөлдөө максатында райондогу 19 мектепке жалпы 82 видео көзөмөл орнотулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×