Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Талас облусу, Талас 09.11.2018 09:45

Ч.Айтматовдун 90 жылдыгы: Таласта көк бөрүнүн жеңүүчүлөрү аныкталды (фото)

Turmush -  Талас облусунда залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата уюштурулган көк бөрү боюнча мелдештин жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Мелдештин жыйынтыгы боюнча 1-орунду Бакай-Ата районунун командасы ээлеп, 400 миң сом менен сыйланды. 2-орунду алган Кара-Буура районунун жаштар командасы 300 миң сомго ээ болушту. Ал эми 3-орунду ээлеген «Бакайыр» командасына 200 миң сом тапшырылды.

Ошондой эле, активдүү катышкан командаларга кызыкытруучу белек катары 100 миң сом берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×