Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
09.11.2018 08:27 На русском

Ноокенде эки жол кырсык катталды: Айдоочу каза болуп, 3 адам ооруканага түштү (фото)

Turmush -  Ош—Бишкек унаа жолунун Ноокен районунун Сакалды айыл аймагынан өткөн тилкесинде бир күндө эки жол кырсыгы катталды. Кырсыктардын кесепетинен 2 айдоочу, бир жүргүнчү ооруканага жеткирилсе, бир айдоочу окуя болгон жерде мерт кеткен. Бул тууралуу аймактык кабарчы күбөлөргө таянуу менен билдирди.

Күбөлөрдүн ырастоолорунда, үстүбүздөгү жылдын 7-ноябрында саат 21:00 чамасында Ноокен районунун Сакалды айылынын аймагында «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаа бет маңдай келе жаткан «ВАЗ-2104» үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшкөн. Жыйынтыгында «ВАЗ-2104» унаасынын айдоочусу - 18 жаштагы А.Бекзат алган жараатынан улам ооруканага жетпей каза болгон. Ал эми, экинчи унаанын айдоочусу Ноокен аймактык ооруканасына жеткирилген.

Маалыматка караганда, кырсыкка кабылган эки айдоочу тең Сакалды айылынын тургундары.

«Ошол күнү саат 22:00 чамасында Сакалды аймагында «Дэу Нексия» менен оор жүк ташуучу «ЗИЛ-130» кагышып, эки жүргүнчү ооруканага жеткирилген. Жеңил унаанын ээси оор жүк ташуучу унаанын артынан келип сүзүп, кырсыкка кабылган. Ал айдоочу Кочкар-Ата шаардык ооруканасына жөнөтүлдү», - деп билдиришти күбөлөр.

Буга чейин аталган унаа жолдо кырсык катталып, 2 адам жаракат алганы маалымдалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×