Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Нарын облусу, Нарын 08.11.2018 19:38

Нарында шахмат оюну боюнча облус жетекчисинин кубогу үчүн мелдеш башталды (видео, сүрөт)

Turmush -  Бүгүн, 8-ноябрда Нарын шаарында шахмат оюну боюнча өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кубогу үчүн мелдеш башталды, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, мелдеш Аймактарды өнүктүрүү жылына карата өткөрүлүп жатат. Мелдештин ачылышына өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн жана Кыргызстан шахмат федерациясынан өкүлдөр катышып, спортчуларды куттуктап, ийгиликтерди каалашты.

Мелдешке облустардан келген 120дан ашык спортчулар, тактап айтканда 6 жаштан 60 жашка чейинки курактагылар катышып жатышат. Мелдеш 8 жаш, 10 жаш, 12 жана 16 жашка чейинкилер арасында өтсө, ал эми 16 жаштан жогоркулар арасында, тактап айтканда кыздар менен эркектер арасында өз-өзүнчө өткөрүлөт.

«Мындай мелдеш облуста биринчи жолу өткөрүлүп жатат. Ошондуктан шахматтын массалуулугун арттыруу максатында башка аймактарда өткөрүүнү пландап жатабыз», - дейт Кыргыз Республикасынын Шахмат федерациясынын президенти М.Турпанов.

Мелдеш үч күнгө созулуп, жеңүүчүлөргө кубок, тиешелүү даражадагы диплом, медаль жана баалуу белектер тапшырылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×