Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Нарын облусуАт-Башы району 08.11.2018 16:17

Ат-Башыда Нарын облусундагы жаштардын ынтымак курултайы өттү (сүрөт)

Turmush -  Ат-Башы районунда Нарын облусунун жаштарынын «Ынтымак курултай-2018» иш-чарасы өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, курултайдын башкы максаты, демилгелүү жаштардын башын бириктирип, Нарын облусунун социалдык жана экономикалык өнүгүшү үчүн чогуу иш алып баруу болуп саналат. Жаштардын курултайына облустун 5 районунан 170ге чукул жаштар келип катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө алдыңкы жаштар облус башчысынын колунан сыйлык алышты.

Мындай курултай Нарында биринчи ирет болуп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×