Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Нарын облусу, Нарын 08.11.2018 15:13

Нарында быйыл СПИДге чалдыккандардын 6 учуру катталган (видео, сүрөт)

Turmush -  Нарын шаарынын мэриясынын жыйындар залында 1-декабрь — СПИДге каршы күрөшүүнүн күнүнө карата тегерек стол болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, ага медицина кызматкерлери, мектептин социалдык педагогдору, СПИДге каршы күрөшүү борборунун дарыгерлери катышты. Иш-чаранын алкагында дарыгерлер бул илдетти жугузуп алуунун себептери жана анын алдын алуу жолдору боюнча маалыматтарды беришти. Ошондой эле жарыяланган бир айлыктын алкагында аткарылуучу иштер талккууланды.

«Буга чейин Нарын облусунда жалпы 168 учур катталса, жыл өткөн сайын азайып бара жаткандыгы байкалат. Өткөн жылы облуста 25 учур катталган. Ал эми быйылкы эле жылы 6 учур катталган», - деди дарыгерлер.

Ошондой эле дарыгерлер бул илдеттин жашарып бара жаткандыгын эске салышып, энеден балага жугузуп алуу жаштар арасында да катталгандыгын айтышты. Илдетти жугузуп алуунун дагы бир себептери, сактанууга маани бербегендиги жана гигиенаны туура сактабагандыгы болууда дешет адистер. Нарын облустук СПИДге каршы күрөшүү борборунун башкы дарыгери Айнагүл Бектурсунованын айтымында, бул илдет менен күрөшүү иш-чарасы коомчулук менен бирге жүргүзүлсө, анын алдын алуу өз натыйжасын бермек дейт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×