Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Чүй облусуЫсык-Ата району 08.11.2018 13:42 На русском

Ысык-Атада Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленди (сүрөт)

Turmush -  Чүй облусунун Ысык-Ата районунда 7-ноябрда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленди. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган райондук мамлекеттик администрациядан билдиришти.

«Биздин райондо Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгилеп, район жетекчилери, айыл өкмөт башчылары болуп Улуу Үркүндү эскердик. Маркумдардын арбагына багыштап куран окуттук», - деп айтылат маалыматта.

Кыргызстанда 7-8-ноябрь – Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү катары белгиленип келет. Мурунку президент А.Атамбаевдин убагында жарыяланган жарлыкта 1916-жылдагы Улуттук боштондук көтөрүлүшүнө, Февраль жана Октябрь революцияларына, репрессия жана анын кесепеттерине объективдүү тарыхый баа берүү максаты айтылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×