Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 08.11.2018 13:32

Балыкчыда 100 үй-бүлөгө кышка көмүр алууга 3 000 сомдон жардам берилди (сүрөт)

Turmush -  Балыкчы шаарында Улуу Ата Мекендик согушка катышкан, Ленинград курчоосунда калгандарга, кары-картаң жана аз камсыз болгон 100 үй-бүлөгө шаардык бюджеттин эсебинен кышкыга көмүр алууга деп, 3000 сомдон берилди.

Маалым болгондой, аларга Балыкчы шаарынын биринчи вице-мэри А.Табалдиев, жергиликтүү кеңештин депутаты С.Аманкуловдор акчалай жардамдарды өз колдору менен тапшырып, кыштан жылуу чыгууларын айтышып, ден соолук каалашты. Иш-чарага социалдык иштер боюнча жетектөөчү адиси Н.Исагалиева жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкерлери дагы катышты. Шаар тургуну М.Даирова бардык акча алган үй-бүлөлөрдүн жана өзүнүн атынан шаар жетекчилерине ыраазычылыгын билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×