Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Талас облусуКара-Буура району 08.11.2018 11:55

Айыл турмушу: Кара-бууралык Асел айым чапандарды тигип, элдин батасын алууда (фото)

Turmush -  Кара-Буура районунун Көк-Сай айылынын 26 жаштагы тургуну Кубанычбек кызы Асел чапандарды жана чыптамаларды тигип келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Шекер айылында чоңойгон. Кол өнөрчүлүккө бала кезинен эле кызыгат. 4 жылдан бери чапандарды тигип келет. Көк-Сай айылына 2010-жылы келин болуп келген.

«Кичинемде кездемелердин кесиндилерин кошуп ар нерсе тиге берчүмүн. Бишкек шаарына барып тигүү цехинде иштеп калып, ошол жактан технологдордон кооз кылып тигүүнүн жолдорун үйрөнгөм. Азыркы учурда негизги кесибим десем дагы болот. Анткени мунун арты менен үй-бүлөмө кошумча киреше табып жатам.

Алгачкы тиккен чапанымды кайын энеме арнап кийгизгем. Ошондо баары көрүп, буйрутмалар келе баштаган. Апамдын чапанын көрүп, айыл эли тигип бер дешип, алардын суранычтарын аткарып жүрүп эле бул ишке баш-отум менен киришип кеттим.

Кездемелердин ар кандай түстөрүн Бишкектен алдырам. Негизи чапандарды жана чыптамаларды шырып тигем. Буйрутмаларды чоңдорго жана балдарга дебей ала берем. Эркектер жана айымдар үчүн дагы көрктүү кылып тигем. Негизинен жумуштун барын өзүм аткарам. Азырынча эч кандай цех болбогондуктан үйдөн эле жасап келем. Чоңдордун чапандары 1500-1800, балдардыкы 800-1000 сомго бааланат. Баалары өлчөмүнө жана кооздоп тиккениме жараша болот. Бир чапанды бычып даярдап койгон болсом 1 күндө тигип коем. Бычуу иши колду кармайт. Кооздоп жасалгалары менен тиккенде дагы убакыт кетет. Буйрутмалар көп келет. Үй тиричиликти бүтө коюп тигем. Кээде түндөп дагы тигип калам. Коңшу айылдардан дагы буйрутмалар келет. Чапандар чий баркыт жана тердетпеген жакшы материалдардан тигилет.

Кол өнөрчүлүктү аркалап калганыма сүйүнөм. Анткени буйрутма бергендерге тигип берип баталарын дагы алам (күлүп). Азырынча бул айылда жаштардан мен гана тигем. Жумуш оор эле, убарасы көп. Ушинтип буйрутма алып элге кызмат кылып калам деп ойлогон эмесмин. Өзүм медайым болом дечүмүн», - деди ал.

Асел айым 2 кыздын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×