Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Чүй облусу, КЕмин 08.11.2018 11:20

Кемин районунда маданият кызматкерлери сыйланышты (сүрөт)

Turmush -  Чүй облусунун Кемин районунда 5-ноябрда Маданият кызматкерлеринин күнү белгиленди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, иш-чарага Кемин райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары А.Курманалиева катышып, 4 адамга райондук мамлекеттик администрациясынын ардак грамоталарын тапшырды. Салтанатка райондун 50гө жакын маданият тармагында эмгектенген кызматкерлер катышты. Ошондой эле бир топ ардак грамоталар Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин атынан, Кемин райондук маданият бөлүмүнүн атынан тапшырылды. Иш-чара концерттик программа менен коштолду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×