Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 08.11.2018 10:54 На русском

Ак-талаалыктар Баетовдун 90 жылдык мааракесин кандай белгилешти? Фоторепортаж

Turmush -  Ак-Талаа районунун борбору Баетов айылынын түзүлгөндүгүнүн 90 жылдык мааракеси салтанаттуу белгиленгендигин аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, аталган айылдын 90 жылдык мааракесин белгилөөгө Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков баштаган депутаттар Жыргалбек Турускулов, Камчыбек Жолдошбаев, Алтынбек Жунус уулу, Алмазбек Баатырбеков, Автандил Кулбараков жана Абдыбек Дюшалиев, облус башчысы Аманбай Кайыпов, Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов, район акими Нурбек Молдокадыров, коомдук ишмер Дөөлөтбек Берикбаев, жаштардын атынан Самат Асаналиев, айыл өкмөт башчылары жана жергиликтүү тургундар катышты.

Маараке 6-ноябрда башталды. Алгач саат 13:00дө Баетов айылына караштуу Кайыңды-Булак айылындагы мурунку автобазанын имараты мектеп катары пайдаланууга берилди. Баетов айылындагы Дөрбөлжүн аянтында орун алган мунара сааттын жана тарых инсандарынын инталляциясынын ачылыш аземи белгиленди. Андан соң райондук маданият үйүндө 90 жылдык мааракенин салтанаттуу ачылыш аземи белгиленип, келген өкүлдөр элди куттукташты. Салтанаттын жүрүшүндө айылдын өнүгүшүнө салым кошкон бир катар кызматкерлерге Жогорку Кеңештин ардак грамоталары жана Баетов айылынын «Ардактуу атуулу» наамдары тапшырылды. Ошондой эле жаңы үйлөнгөн түгөйлөргө турак жай салууга жер күбөлүктөрү тапшырылды.

Айылдын түптөлүшүнө салым кошкон Мааданбек Барашов тууралуу театралдаштырылган чакан сценкалар да көрсөтүлүп, кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү уюштурулуп жана чакан концерттик программа берилди. Андан сырткары, 6-ноябрь күнү бир катар улуттук спорттук оюндар боюнча мелдештердин тандоо туру өткөрүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×