Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Чүй облусуКемин району 08.11.2018 10:35

Кеминде Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленип, көк бөрү оюну уюштурулду (сүрөт)

Turmush -  Кечээ, 7-ноябрда Кемин районунда 7-8-ноябрь күндөрү жыл сайын белгиленүүчү тарых жана ата-бабаларды эскерүү иш-чарасы өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Ж.Дүйшебаев баштаган райондун бардык мекеме-уюмдарынын жетекчилери, дин кызматкерлери, күч түзүмдөрүнүн башчылары жана бардык каалоочулар Кемин районунда жайгашкан бардык мемориалдык комплекс, эстелик, күмбөздөргө барып куран окушту. Ошондой эле улуттук көк бөрү оюну өткөрүлдү.

Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Ж.Дүйшебаев: «Бул күндөрү биз 1916-жылдагы Улуттук боштондук көтөрүлүштүн, Улуу октябрь социалисттик революциясынын, саясий репрессиялардын кезектеги жылдыктарына байланышкан иш-чараларды өткөрүп, келечек муунга «Өткөндү билбей келечекке жол ачуу кыйын» экенин баса белгилеп, ата-бабалардын элесине таазим этип, алардын бизге калтырган улуу мурасын, мекенибизди сүйүүгө, көздүн карегиндей сактоого үндөп чакыруубуз зарыл.

Илимпоздордун эмгектери жана бизге белгилүү эзелки жазма булактар кыргыздар Борбодук Азиядагы эӊ байыркы калктардын арасына кирерин күбөлөйт. Тарых барактарында кыргыздар жөнүндө маалымат биздин заманга чейинки 2-кылымдан бери карай кезигет. Өзүнүн ушундай замандарды карыткан узак сапарында биздин эл не бир эстен кеткис кезеӊдерди башынан кечирбеди. Бирде орошон дөөлөт, улуу журт курап, бирде көкөлөгөн жылдызы тайып таруудай чачылды. Ошондо да элибиз ата-бабанын арбагы, эл-жердин намысы деп келген. Биз бүгүн белгилеп, айтып жаткан 1916-жылдагы Улуттук боштондук көтөрүлүштүн кезектеги жылдыгы, Улуу октябрь социалисттик революциясынын 101 жылдыгы жана саясий репрессиялардын 81 жылдыгы да кыргыз элинин тарыхындагы эӊ маанилүү этаптардан болгон десем жаӊылышпайм.

Биз закымдаган узак мезгил кыйырынан уланган өзүбүздүн улуу тарыхыбызга татыктуу болууга тийишпиз. Бул өткөндүн гана эмес келечектин да чакырыгы болуп саналат. Биз, кыргыздар башынан эле өткөн тарыхыбызга, ата мурасыбызга аяр кылдат мамиле жасап келгенибиз белгилүү. 1916-жылдагы окуяларга, 1917-жылдагы февраль жана октябрь революцияларына, совет мезгилинин сабактарына жана мурастарына, 20-кылымдагы саясий репрессиялардын кесепеттерине объективдүү баа берүү жана ата-бабалардын элесине таазим этүү максатында жарыяланган Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү биздин районубузда татыктуу белгиленет деп тереӊ ишенем», - деп белгиледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×