Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 08.11.2018 10:13

Баетовго 90 жыл: Ак-Талаанын бир катар инсандары ЖКнын ардак грамотасы жана энчилүү сааты менен сыйланышты (сүрөт)

Turmush -  Ак-Талаа районунун Баетов айылынын 90 жылдык мааракесине карата бир катар инсандар Жогорку Кеңештин ардак грамотасы жана энчилүү сааттары менен сыйланышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, 6-ноябрда айылдын 90 жылдык мааракеси белгиленип, ага Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков баштаган бир катар эл өкүлдөрү катышты. Мааракенин жүрүшүндө айылга салым кошкондор – Нарынбек Керимкулов, Эркинбек Осмонов, Мурадил Сыдыков, Билимбек Капарбек уулу жана Талантбек Турусбеков ардак грамота менен сыйланса, Рыспек Шыгаев жана Анархан Таштанкулова энчилүү сааттын ээси болушту.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×