Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 08.11.2018 10:32

Түптө ата-бабаларды, тарыхый окуяларды эскерүү иш-чарасы өттү

Turmush -  Кечээ, 7-ноябрда Түп районунда Октябрь революциясынын 101 жылдыгы жана Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленди. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы кабарлады.

Иш-чарада 1916-жылдагы Үркүн, Ленин башында турган Октябрь революциясы, Сталиндик репрессияда, Улуу Ата Мекендик согушта каза болгондор эскерилди. Ысык-Көл өрөөнүнөн чыккан Карга акенин 300 жылдыгына арналып жарык көргөн «Капсалаң доор Карга аке» китеби тапшырылды.
Иш-чаранын катышуучулары Үркүндө шейит кеткендерге арналып салынган эстеликке барып, гүлчамбар коюшуп, куран окушту.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×