Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Жалал-Абад облусуНоокен району 08.11.2018 08:05 На русском

Видео — Бишкек–Ош жолунда эки жеңил унаа кагышып, эки жигит жабыркады

Turmush -  Бишкек–Ош унаа жолунда эки жеңил унаанын катышуусунда жол-транспорт кырсыгы катталды.

Алдын ала маалыматтарга караганда, кечээ, 7-ноябрда болжол менен саат 22:30 чамасында Ноокен районунун Сакалды айылынын аймагында «Тойота» менен «ДЭУ Нексия» үлгүсүндөгү автоунаалар кагышкан. Анын кесепетинен «ДЭУ Нексия» унаасындагы эки жигит жабыр тарткан.

Атын атагысы келбеген күбөлөрдүн бири «ДЭУ Нексия» үлгүсүндөгү автоунаа талкаланып, түтөп жатканын көргөн.

«Биз жолдо келе жатканбыз. Сакалдыда жолдун ортосунда "ДЭУ Нексия" үлгүсүндөгү унаа (номуру Россияныкы экен) талкаланып түтөп туруптур. Биз унаадан түшүп, тиги унааны ичиндеги эки баланы мүмкүн болушунча сыртка чыгарганга аракеттендик. Ошол учурда балдардын экөөсү тең жаракат алып, бети-башы канга боёлгон экен. Бирөөсү шок болуп сүйлөп, ыйлап жатты. А, экинчиси өзүн билбей жаткан. Биз тез жардамга чалып, кетели деп жатсак, ЖКККБнын кызматкерлери келип жатыптыр. Бирок эң кызыгы ошол жерден жол кырсыкка кабылган экинчи унааны кезиктире албадык. Бирок башка күбөлөр "Фура" сүздү деп жатышты. Биз бирок аны көргөн жокпуз», - деди окуянын күбөсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×