Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Жалал-Абад облусуЧаткал району 07.11.2018 15:16

Чаткалда сурьма кениндеги жаңжалдан милиция кызматкерлери жаракат алды

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Терек-Сай айылында сурьма чыгарылган аймакта 5-ноябрда чыр чыкты. Turmush басылмасынын кабарчысына маалым болгондой, жаңжалдын кесепетинен тез чара көрүү отрядынын кызматкерлери жабыркап, ооруканага жаткырылган.

Бул аймакта сурьманы өз алдынча казууга тыюу салуу максатында пост уюштурулган болчу. Жергиликтүү тургундун ую ал тарапка өтүп кеткенде, постто турган күзөтчүлөрдөн уйду айдап чыгуу үчүн уруксат сураган. Бирок күзөтчүлөр ал адамды өткөрбөй койгондо эки тараптын ортосунда чыр чыккан.

Айыл тургуну бир аз убакыттан кийин жергиликтүү жаштарды кен чыккан аймакка ээрчитип барып, чыр-чатактын кесепетинен ыкчам чара көрүү отрядынын аскерлери жабыркаган.

Окуя тууралуу маалыматты өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов тастыктады. Анын айтымында, жергиликтүү калк менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков окуя болгон жерге барган.

Отряддын аскерлерине алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин алар ооруканадан чыгарылды. Азыркы учурда кырдаал туруктуу.

-----------------------------------------------------------------------------------

2016-жылдын декабрь айында Turmush басылмасына Терек-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы сурьма кенинде атайын посттор орнотулуп жатканын билдирген. Бирок айрым жергиликтүү тургундар өмүргө коркунуч жаралганына карабастан сурьманы өз алдынча казуу иштерин жүргүзүп келишкен.

2016-жылдын ноябрь айында бул аймакта өз алдынча кен казып жаткан 17 жаштагы жигит көз жумган болчу. 1999-жылы туулган Мухаммед уулу Нурсеит Ала-Букадагы Өрүктү айылынын тургуну болгон. Ал эми кен казып жатканда шахтанын алдында калган 6 адамды издөө-куткаруу иштерине жалпы 50 адам катышкан.

2015-жылдын декабрь айында дагы сурьманы өз алдынча казып жаткан 1987-жылы жана 1990-жылы туулган жигиттерди топурак менен таш басып калып көз жумушкан.

Терек-Сай айыл өкмөтүндөгү карьерлер

сурьма кени 19

сурьма кени 16

сурьма шахтасы 4

сурьма шахтасы 5

сурьма кени 15

сурьма кени 11 (2)

сурьма кени 7

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×