Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Ош облусуӨзгөн району 07.11.2018 14:31

Өзгөндө баңгизат менен кармалды делген имам үй камагына чыгарылды

Turmush -  Өзгөндө баңгизат менен кармалды деген айып тагылган имам сот отурумуна чейин 6-ноябрь күнү үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаев бүгүн, 7-ноябрда билдирди.

КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 246-беренесинин 3-бөлүмү (баңгизаттарын мыйзамсыз түрдө сактоо, ташуу, сатуу) боюнча козголгон иш Өзгөн РИИБи тарабынан тергелип жатат.

Окуя тууралуу:

Өзгөн районунун Жылалды айыл өкмөтүндө баңгизат менен кармалган адам 2009-жылдан бери имамдын орун басары, ушул жылдын июнь айынан тарта жамаат тарабынан оозеки шайланган имам болуп иштеп келген. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы Ош облустук казыятынын оозеки маалыматына таянып билдирген.

Буга чейин маалым болгондой, 26-октябрга караган түнү саат 04:55 чамасында Өзгөн РИИБнин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Жылалды айылынын 1981-жылы туулган тургуну С.К.нын курткасынын сырткы чөнтөгүнөн 37,6 грамм марихуана баңгизаты табылган. Бул факты боюнча топтолгон материалдар Өзгөн РИИБдин кылмыш каттоо китебине катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалып, ал эми кармалган С.К. убактылуу кармоочу жайга киргизилген болчу. Ал үй-бүлөлүү, буга чейин соттолгон эмес.

Шектүү С.К.

Подозреваемый в хранении наркотиков житель села Жылалды

Ош облустук казыятынын оозеки маалыматы боюнча, шектүү С.К. айылдагы орто мектепти аяктагандыгы, эч кандай диний билими жоктугу, 2009-жылдан бери Жылалды айыл аймагынын имамынын расмий эмес орун басары болгондугу, 2018-жылдын июнь айынан баштап «Матисак-Ата» мечитинде жамаат тарабынан беш убак намаз окууга ооз эки имам катары шайлангандыгы аныкталды. Ошондой эле ал расмий түрдө имам болуп бекитилбегендиги жана ал мечитке жергиликтүү аксакалдардын оозеки кайрылууларынын негизинде имамдык милдетти аткарып жүргөнү такталды.

Шектүү кармалгандан кийин Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз катчысы Максат Атабаев: «Кармалган жаран Өзгөн районунун Жылалды айылында имам болуп иштебейт жана Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгынын түзүмүндө буга чейин дагы иштеген эмес», - деген билдирүү тараткан.

Ал эми Жылалды айыл өкмөтүнүн имамы Урустанали Юсупов: «Айрым учурда мен жок болуп калганда ордума мечитке келип, имамдын милдетин аткарып турган. Бирок расмий түрдө имам деп каттоодон өткөн эмес. Биз анын баңгизат алып жүрөрүн билген эмеспиз. Намаз окуган такыба адам эле», - деген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×