Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
07.11.2018 13:53 На русском

Лейлекте далысына ок тийген депутаттын ысымы такталды

Turmush -  Лейлек районунда далысына ок атылып, ооруканага жеткирилген жергиликтүү кеңештин 32 жаштагы депутаты Кубанычбек Баяновдун абалы орто деп бааланып жатат. Бул тууралуу Turmush басылмасына Баткен ОИИБдин башчысы Аскарбек Аширалиев бүгүн, 7-ноябрда билдирди.

Милициянын полковниги билдирген маалымат боюнча, депутатка кол салуу 5-ноябрда саат 23:20да болгон. Жаңы-Жер айыл өкмөтүндөгү Арка-2 айылынын тургуну Кубанычбек Баяновдун далысына ок аткан белгисиз адамдар дароо качып кетүүгө жетишкен. Окуя болгон жерден гильза жана октор табылды.

КРнын Кылмыш-жаза кодексиндеги 28-97-берене (адамды өлтүрүү үчүн кол салуу) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тиешелүү экспертизалар дайындалып, учурда тергөө иштери менен шектүүлөрдү кармоо аракеттери улантылып жатат.

Буга чейин Turmush басылмасы депутатка кол салуу Арка-2 айылындагы үйүнүн алдында болгонун жана жабырлануучуну туугандары Тажикстандын Гафуров шаарындагы ооруканага жеткиришкенин маалымдаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×