Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 06.11.2018 18:40 На русском

Мейманканада жыныстык катнашка мажбурлаган кишини бычактап өлтүргөн 29 жаштагы келинге сот өкүм чыгарды

Turmush -  Жалал-Абад облусунда сот 29 жаштагы кызды жеке менчик мейманканада эркек кишини өлтүргөндүгү үчүн 14 жылга эркинен ажыратып, мүлкүн конфискациялады.

Turmush басылмасына маалым болгондой, сотто кылмыш иши козголгон Базар-Коргон районунун Сейдикум айыл өкмөтүнүн 1989-жылы туулган тургуну, эки баланын апасы Диананын [аты өзгөртүлдү К.Д.] иши каралды.

Тергөө органдары ага КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин 2-бөлүмүнүн 6-пункту (Мыкаачылык менен адам өлтүрүү) боюнча айып тагылган.

Материалдын ишине ылайык, окуя ушул жылдын 5-июлунда болгон. Диана адам өлтүрүү максатында Базар-Коргон айылындагы базардан 30 сомго бычак сатып алган. Аны кайненесинин сумкасына катып койгон. Андан кийин Бишкектен келген Улан менен жолугушуу үчүн Жалал-Абад шаарындагы унаа бекетке барган. Жолуккандан кийин алар Сузак районунун Ырыс айыл өкмөтүндөгү жеке менчик мейманканага барышкан. Бир бөлмөнү ижарага алышып, ага киргенден кийин Улан Диананы жыныстык катнашка барууга мажбурлап баштаган. Диана өзүнүн денесин көрсөтүүдөн уялып жаткандыгын айтып, андан баш тарткан. Диана анын көзүн жоолук менен жабууну атүнүп, андан кийин сумкасынан бычакты алып чыгып, Уланды бир нече жолу сайган. Алган жараатынан улам ал ошол жерде каза болгон. Анын денесин мейманкананын санитардык кызматкерлери табышкан.

Соттук отурумда Диана кылмышын толук мойнуна алып, буга чейин Улан менен сүйлөшүп жүргөнүн билдирди. Жолдошу менен урушуп кеткенден кийин ал 2018-жылы кийимдерин алып, өзүнүн атасына кетип калган. Бир нече убакыт өткөндөн кийин апрель айынын башында анын уюлдук телефонуна белгисиз адам чалып, таанышып алууну сунуштаган. Ал Улан болчу.

Биринчи эле жолугушууда Улан жубайы каза болуп калгандыгын жана өзүнө жар издеп жүргөнүн билдирген. Диана болсо анын үй-бүлөсү бар экенин жана ал анын телефон номурун кайдан алгандыгын түшүндүрүүнү талап кылган. Улан анын телефонун жөн гана терип таап алгандыгын айткан. Дианан анын 2 баласы бар экенин жана мындан ары анын тынчын айбашын өтүнгөн. Анын каршы болгонуна жини келген Улан аны коркутуп, балдарын уурдап кете турганын жана органдарын сатып саларын жана ага дагы кордук көрсөтөрүн айтып коркуткан.

Мындай жолугушуудан кийин Диана аны менен байланышын үзүүнү каалап, телефон номурун алмаштырып салган. Бирок, Улан анын телефон номурун кайра таап алып, чалып баштаган. Улан 5-июлда Бишкек шаарынан келерин айтып, анын жолугушууга келүүсүн талап кылган.

Диананын айтымында, автобекеттеги жолугушуудан кийин алар жолдун боюндагы кафеде түштөнүшкөн. Андан кийин мейманканага барышкан, анын кире беришинде Улан аны жубайы катары тааныштырган.

Бөлмөгө келгенден кийин Улан эми Диана андан эч жака кете албай тургандыгын айтып, аны жыныстык катнашка мажбурлаган. Анын көйнөгүн тытып, керебетке түрткөн. Уланды өлтүргөндөн кийин Диана бычакты терезеден ыргытып жиберип, бөлмөдөн чыгып, «ДЭУ Тико» унаасына отуруп алып кетип калган.

Өзүнүн акыркы сөзүндө Диана соттон анын эки өспүрүм баласы бар экенин эске алуусун жана жеңил жаза берүүнүн өтүнгөн.

Сотто Уландын жубайы — Х.А., дагы сүйлөп, алар 2016-жылдын 22-мартында баш кошушканын билдирген. Ушул эле жылдын декабрь айында алар кыздуу болушкан. Ал жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенет жана июль айында Россияга иштөө үчүн кетүүнүн пландап жаткан. Окуя болгон күнү 5-июлда Россиянын аймагында болгон. Ага эжеси телефон чалып, кызы ооруп калгандыгын айтып, келүүсүн өтүнгөн. Казакстандын чек арасында аны күйөөсүн өлтүрүүгө шектүү катары кармашкан, ал эки ай камакта болгон.

Соттук отурумда күбө катары суралган Айбектин (ысымы өзгөртүлдү) айтымында, Сузак районунун Ырыс айыл өкмөтүнүн Күмүш-Азиз айылындагы мейманканада сантехник болуп иштейт. 2018 -жылдын 5-июлунда саат 13:30 чамасында мейманкананын экинчи кабатындагы бөлмөдө жаңжал болуп жатканда текшергени чыккан.

«Бөлмөгө барып эшикти ачууну сурансам, аял киши «тынч эле, кете бер» деди. Дагы ызы-чуу болгонунан келип эшикти такылдатсам, бөлмөдөгү аял «мен жуунуп жатам, чечинип алгам, уялбайсызбы» дегенинен кайра кетип калдым. Бир аздан кийин ал аял шашып кетип бара жатыптыр. Андан кайда кетип бара жатканын сурасам, күйөөсү ооруп, дарыга бара жатканын, бөлмөнүн ачкычы күйөөсүндө экенин айтты. Бөлмөгө барып, эшикти такылдатсам эч ким ачкан жок. Бөлмөнүн айнегинен карасам, эркек кишинин кансырап жатканын көрдүм. Андан кийин милицияга кабар бердим», - деп көрсөтмө берди.

Бул сот отурумуна күбө катары айыпталуучуну унаасы менен автобекетке жеткирген Халмурат (ысымы өзгөртүлдү) да чакырылган. Анын көрсөтмөсүнө караганда, 5-июль күнү саат 15:30 чамасында Ош—Бишкек жолунун жанында бейтааныш келин Жалал-Абад шаарындагы автовокзалга жеткирип коюуну суранган.

Сот соттолуучунун, жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлдөрүнүн, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн, тараптардын жарыш сөздөрүн угуп, материалдарды изилдеп, аларга ар тараптуу баа берип, соттолуучунун күнөөсү толугу менен далилденди деп эсептейт.

Соттук отурумда соттолуучу жабырлануучунун денесине көп жаракаттарды келтирип, ал кишини өзгөчө мыкаачылык менен өлтүргөнү аныкталды. Сот соттолуучу Дианага жаза белгилөөдө мурда соттолбогонун, анын жаштыгын, эки жашы жетпеген балдарын, күнөөсүн толугу менен мойнуна алгандыгын эске алып, ага карата эркиндигинен ажыратууга байланышкан жаза белгилөөнү туура деп тапты. Айыпталуучу Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин 2-бөлүгүнүн 6-пункту боюнча күнөлүү деп табылып, 14 (он төрт) жылга эркиндигинен ажыратылып, үй мүлкү конфискацияланды. Кылмыш-жаза кодексиндеги 49-берененин 5-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык жазасын катуу тартиптеги абактарда өтөөсү белгиленди. Жазасын өтөө мөөнөтү 2018-жылдын 8-сентябрынан баштап эсептелинет.

Кылмыш-жаза кодексинин 61-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пунктунун негизинде соттолуучу Диананын алдын ала камакта отурган ар бир күнү жаза өтөө мөөнөтүнүн 2 күнүнө кошулуп эсептелинет.

Өкүмгө нааразы тарап 10 күндүн ичинде Жалал-Абад облустук сотуна Сузак райондук соту аркылуу апелляциялык тартипте сунуш келтирүүгө жана даттанууга укуктуу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×