Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-январь
06.11.2018 18:36

Алайда уксуска ууланып каза болгон 5 балалуу аялдын иши жабылды

Turmush -  Алай районунда уксуска ууланган аялдын өлүмүнөн кийин тергелип жаткан кылмыш иш жабылды. Бул тууралуу Ош ОИИБ бүгүн, 6-ноябрда билдирди.

Маалым болгондой, келиндин туугандары менен кайын журту бир пикирге келишип, тосмо арыз аркылуу кылмыш ишти жаптырышкан. Ал эми денени соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүгө туугандары макулдук беришкен эмес.

Буга чейин маалымдалгандай, Алай районунун 44 жаштагы тургуну К.Н. 17-октябрь күнү үйүндө уксус ичип, көп узабай ооруканадан каза болгон. Анын бул кадамына жолдошу өгөй уулунун үйлөнүү тоюна барбаганы жана үй-бүлөнүн материалдык абалы себеп болгону тууралуу тактала элек маалыматтар айтылган болчу.

Маркумдун артында жолдошу жана 5 баласы калды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×