Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 06.11.2018 17:37

«Мекендештер»: 5 тилде эркин сүйлөгөн 28 жаштагы Фатима үч өлкөдө үй-бүлөлүк бизнесин өнүктүрүүдө (фото)

Turmush -  «Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — 28 жаштагы Фатима Шалбаева. Ал учурда Москва шаарында эмгектенет. Мекендешибиз менен Turmush басылмасынын кабарчысы таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал Кара-Балта шаарында туулган. Бишкектеги Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясында билим алган. Кыргыз, казак, орус, англис жана кытай тилдеринде эркин сүйлөйт.

Москвага кеткенге чейин Кара-Балта шаарында мунай иштетүүчү компанияда кытай тилинен котормочу, юристтин жана жактоочунун жардамчысы, тендер боюнча бөлүмдүн жетекчисинин орун басары болуп эмгектенген.

«Мен катардагы карапайым эле үй-бүлөдө төрөлгөм. Атасы жок чоңойдум. Апам Зина, эжем Айгүл, агам Рустем жана мен болуп жашадык. Алар мага жакшы тарбия берип, жогорку окуу жайдан окутушту. Ушул күнгө чейин мени дайыма колдоп келишет. Балачагымда башка балдардыкындай бактылуу күндөр аз болду. Анткени, үй-бүлөдө апам жалгыз иштечү, анын тапкан акчасы нанга эптеп жетчү. Апамдын ыйлап, кыйналган күндөрүн көп көрдүм. Ошондо мен кичинекей кезимде эле өзүмө жакшы окуп, кийин барчылыкта жашап, бардыгына жетишем деп сөз бергем», - дейт Фатима Шалбаева.

Анын айтымында, ал кичинекей кезиндеги кыялдарын акырындык менен орундатып келе жатат.

«Кыйын күндөр артта калып келе жатат. Учурда менин апам, эжем ийгиликтүү бизнес айымдары болушту. Биз баарыбыз биргеликте Россияда, Казакстанда, Кыргызстанда үй-бүлөлүк бизнесибизди өркүндөтүп жатабыз. Биздин максатыбыз, көз карашыбыз, кызыкчылыгыбыз бир. Учурда мен Москва шаарындагы «Темпл Бар» ресторандар тармагында менеджер болуп иштейм. Мындан тышкары тармактык ишкерчиликти жүргүзүп жатам. Айына болжол менен 1500 доллар киреше табам.

Азыр Москвада болжол менен 600 миңдей мекендештерибиз оор шарттарда иштеп жатышат. Алар өздөрүнүн үй-бүлөлөрүн таштап, чет жерде иштөөгө аргасыз. Алардын ар бирине жардам берип, бутуна тургузууга, өз бизнесин түптөөгө көмөктөшүп жатам. Бул үчүн мен Москвадагы кыргызстандык жаштардан турган топ түзүп, ушул иштин үстүндө иштөөдөмүн.

Менин негизги максаттарым жакырчылыкты жоюу жана ден соолукту чыңдоо, оорулардан арылуу. Ошондой эле Москвадагы жаштардын баарын өз мекенине алып келүү», - деди ал.

Ф.Шалбаева бош убактысында тренинг, семинарларга катышып, өзүн өнүктүрүүчү китептерди окуп, руханий жактан дагы бай адам болууга аракет кылып жаткандыгын кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×