Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Талас облусу, Талас 08.11.2018 09:17

Кошунасына «Мерседес», башкага 7 млн сом уткан билет сатып: Таластык Т.Раимбеков 25 жылдан бери гезит сатып иштейт (фото)

Turmush -  Талас шаарынын 60 жаштагы тургуну Тойчубек Раимбеков 25 жылдан бери гезит сатып иштейт. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, интернеттин таасири арткан сайын гезит сатуу 5 эсеге азайды.

«Менин гезит сатып иштегениме 25 жыл болду. Өзүм китеп окуганды абдан жакшы көрөм. Узак жолдо жанымдагы кишилерди зериктирбейм. Окуялардын так күндөрүн билгендиктен «кантип жаттап каласың?» деп таң калгандар көп. Көбүнчө саясий гезиттерди окуйм. 1 жумада 2 миң даанага жакын гезит сатам. Азыр көптөр албай калды. Интернет чыккан соң сатуу 5 эсеге азайды. Дагы бир 10 жылдан соң гезит окулабы билбейм. Көбүнчө улуу муундагы адамдар келишет. Аларсаясат жана сканворддорду көп алышат. Такай кардар болгондорго, 5 гезит алган кишиге алтынчысын бекер берем. Мени айылдардагы аксакалдар «Гезитчи Тойчу» деп атап алышкан (күлүп). Бүгүнкү күндө Талас шаарында гезит саткан сатуучу жалгыз өзүм элемин», - деди ал.

Каарманыбыз мындан лотерея сатып келе жаткандыгын да кошумчалады.

«Гезиттер менен катар лотерея дагы сатканыма 13 жыл болду. Менден лотерея алгандардын ичинен көп байге утканы 7 млн сом уткан адам болду. Талас районунун бир тургуну менден карызга лотерея алып кетип, унаа уткан.

Бир жылы акыркы 5 билет калган эле. Баары катар сан экен. 58 деген лотереяны менин жылым экен деп өзүмө алдым. Өзүмдүн эле кошуналарым башка билеттерин алышты. Акыркы билетти дагы бир кошунама «ай муну алсаң унаа утасың»деп берип койбоюнбу. Оозума сала бергендей айтыптырмын, ошол билеттен «Мерседес 600» үлгүсүндөгү унаа утуп алган. Байге утуп, жууп берип кеткендер көп болду», - деди ал.

Тойчубек аксакал 1 кыз, 2 уул, неберенин атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×