Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Талас облусу, Талас 06.11.2018 15:00 Жаңыланды: 10.11.2018 16:08 На русском

9 жылдан бери рулдамын: Таластык И.Акматова кичи автобус менен чет өлкөгө чейин жүк ташыйт (фото)

Turmush -  Талас шаарынын 40 жаштагы тургуну Индира Акматова 9 жылдан бери «Мерседес Спринтер» үлгүсүндөгү унаа айдап, балдарын багып келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Бакай-Ата районуна караштуу Бейшеке айылында төрөлгөн. Кесиби боюнча мугалим.

«Унаа айдаганды бала күнүмдөн жакшы көрөм. Хоббим дагы десем болот. Унаа айдоодо кадимкидей ырахат алам. 2009-жылдан бери унаа айдап, Казакстанга товар киргизип-чыгарып эмгек кылып келем. Көбүнчөсү жер-жемиш алып барып, чоңдорго жана балдарга кийим-кечек алып келем. Жалгыз айдап, тиричилигимди жасап жүрөм. Кичинемден эркек мүнөз болуп, атамды ээрчип, артынан темир-тезегин көтөрүп чуркап жүрүп, унаага кызыгуум артып калган. Башында «Форд» үлгүсүндөгү унаа айдачумун. Алыскы жолго чыккандан бир барганда көбүрөөк жүк алып келүү үчүн чоңураак унаалуу болоюн деп «Мерседес Спринтер» алгам. Ошол убактан бери 9 жыл өтүп кетиптир. Кышкысын дөңгөлөктөрүн алмаштырып айдайм.

Мектепти бүтүп, кесип тандоого келгенде мугалимдикти окугам. Ийгиликтүү бүттүм. Бирок мугалимдик кесибимдин аркасы менен балдарымды бага алчудай эмесмин. Отура бербестен тиричилик жасоону көздөп, айдоочулук күбөлүккө ээ болдум. Башында эле чоң унааларды айдадым. Рулга алгачкы жолу отурган кезим эсимде. Жаңы үйрөнгөн адамга унаа оору болуп калат эмеспи, тынбай айдачумун. Ал кездерде чоң унааны айдаган айымдар жокко эсе болчу. Мени көргөндөрдүн мойну кайрылып калар эле (күлүп).

Унаа айдоо оңой эмес. Жолдон бузулбаса, иштерим ийгиликтүү бүтүп турса чарчаганымды сезбейм. Унаа айдоо өтө кооптуу жана чоң жоопкерчиликти талап кылат. Айдоочулар жол эрежесин так сакташыбыз керек», - деди ал.

Айдоочу айым мындан тышкары айдоочулук жумушундагы кызыктуу окуяны эскерди.

«Бир күнү күндүз эле Таласка келе жатсам жолдон МАИ токтотуп калды. Унаамдын ичинде күтүп отурсам кызматкер келип өзүн тааныштырып, «айдоочу аке отурбады беле, кана?» деп сурап туруп алды. «Мен айдап келе жатам го» десем дагы такыр ишенбейт. Унаанын ичин текшерип, эч кимди таппай, документтеримди текшерип, баары жайында экенин көрдү. Анан «ушундай чоң унааны айдап жүрөт экенсиз да ээ» деп таң калган (күлүп)», - деди айдоочу айым.

Каарманыбыз буга катар эле үй-бүлөсү жөнүндө кеп салды.

«2 кыз жана 1 уулум бар. Алардын муктаждыктарын аткарып, окууларына көңүл буруп, ар тараптан жардам көрсөтүп иштеп келем. Улуу кызым Алтынай студент. Уулум Абдулла менен кызым Акылай мектепте окушат. Балдарым эмгегимди аз да болсо акташып, мектепте жакшы окушат. Мени жумуштан кийин ысык чай менен күтүп алышат.

Бош убактым болсо айымдардын хоббиси болгон гүл кароо менен алектенип эс алам. Чоң жана кооздук берген гүлдөрдүн түрлөрүн көбөйтүп алгам», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×