Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Чүй облусуЖайыл району 06.11.2018 17:07 Жаңыланды: 07.11.2018 11:21

Видео, сүрөт: Жыландай ийилген Аземаны атасы 2 жашынан тарта үйүндө машыктырат

Turmush -  Гимнастика менен машыккан Азема Калидинова жыландай болуп ийилип бийлеп, той-топурларда өнөрүн тартуулайт. Анын таланты менен аймактык кабарчы таанышты.

Азема 2008-жылы Жайыл районунун Суусамыр айыл өкмөтүндө төрөлгөн. Аны атасы Марат Качкынбеков 2 жашынан тартып үйүнөн машыктырып келет.

«Мен ушул Суусамыр айыл өкмөтүндө төрөлүп, ушул жерде өстүм. Өзүм спортко абдан кызыгып, күрөш менен алектенчүмүн. Ошондон улам кызымды да 2 жашынан тартып гимнастика менен машыктырып келе жатам. Быйыл 10 жашта. Кийин күрөш жагына да коштум. Күрөш менен да машыгып, айыл ичинде балдар менен күрөшүп, 2-орунду алган. Медаль, грамоталар менен да сыйланган. Кызымды көргөн уулум да кызыгып, аны менен кошо машыгып калат.

Тамакты атайын деле тандап жешпейт. Кадимки эле күнүмдүк биз жеген тамактарды жешет. Айылда жашагандыктан ийримге барбайт, сынактарга катышпайт. Той-топурлар болгондо эле жыландай болуп ийилип бийлеп, анча-мынча акча да таап алышат», - деди ал.

Азема Калидинова келечекте чоң спортчу жана балет бийчиси болгусу келет.

«Мен келечекте дүйнөнү дүңгүрөткөн чоң спортчу жана балет бийчиси болгум келет. Мени 2 жашымдан тартып атам машыктырат. Бул менин хоббим. Мектепте да үлгүлүү окуучумун. Бош убактымда сыналгы көрөм. Көбүнчө машыгам. Күрөшкө да аралашып, көп ийгиликтерди жаратып, грамоталар, медалдар менен сыйлангам деди», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×