Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Баракелде, Бишкек 06.11.2018 13:21

Видео: Түндө Бишкектеги кездеме дүкөндүн 3 кабат кампасы толугу менен күйүп кетти

Turmush -  Бишкек шаарынын Элебесов көчөсүндө жайгашкан кездемелер сатылуучу «Дениз Текстиль» дүкөнү түндөгү өрттүн кесепетинен чоң чыгымга учурады. ӨКМдин билдирүүсү боюнча, өрт тууралуу 5-ноябрда саат 21:56да чакыруу болгон.

Өрт чыккан имарат буюмдарды жана кездемелерди сактоочу кампа катары 3 кабаттуу контейнерден курулганы маалым болду. Бактыга жараша адамдар жабыркаган жок.

Өрт саат 23:29да чектөөгө алынып, саат 05:10до толугу менен өчүрүлгөн. Бул иштерге ӨКМге караштуу штабдар, 5 өрт өчүрүү тобу катышып, ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери 4 атайын унаа менен өрттүн айланасын курчоого алышкан. Тилсиз жоонун кесепетинен 900 кв. м. аянттагы кампа толугу менен күйүп кетти.

Учурда өрттүн себеби жана чыгымдын көлөмү такталып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Сервера временно не доступны

По техническим причинам все серверы АКИpress сейчас заняты и не могут ответить на Ваш запрос. Приносим свои извинения за доставленные неудобства.

Попробуйте зайти позднее.

Администрация сайта АКИpress



All AKIpress servers are currently busy and cannot respond to your request due to technical difficulties. We apologize for any inconvenience.

Please, try again later.


Техникалык себептерге байланыштуу АКИpress'тин бардык серверлери бош эмес жана Сиздин чакырыкка жооп бере албайт. Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз.

Бир аздан кийин кайталап көрүңүз.