Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Баткен облусуЛейлек району 06.11.2018 13:18 На русском

Артынан келип аткан. Милиция Лейлекте депутаттын атылышы боюнча маалымат берди

Turmush -  Кечээ, 5-ноябрда Лейлек районунда депутаттын атылышы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 28-97-беренеси (адамды өлтүрүү үчүн кол салуу) менен кылмыш иш козголду. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка караганда, Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн 32 жаштагы депутаты Б.К.ны үйүнүн алдынан белгисиз адам артынан келип атып кеткен. Депутат Тажикстандын Гафуров шаарындагы ооруканага жеткирилген. Учурда окуянын чоо-жайы иликтенип жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×