Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Чүй облусу, Токмок 06.11.2018 12:44 На русском

Жол кырсыгынан апасы, жүрөк оорусунан атасы каза болгон 20 жаштагы мушкер Чомотойдун ийгилиги (сүрөт)

Turmush -  Чүй облусунун Токмок шаарынын 20 жаштагы тургуну Чомотой Туратбеков жаш кезинен көк бөрү ойноп келген. Ал акыркы 2-3 жылдан бери кулатуу менен машыгып, мелдештерге катышып, алдыңкы орундарды ээлеп келүүдө. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Ата-энем жөнүндө айтып кетсем, апам 2005-жылы жол кырсыгынан каза болгон. Андан көп өтпөй 2015-жылы атам жүрөк оорусунан каза болуп калган. Эки бир туугандын улуусумун. Менден кийин карындашым бар. 2000-жылы төрөлгөн, мектепте билим алат. Буюрса ушул жылы бүтөт. Ал карындашым татыктуу билим алып, жашоодон өз ордун таап кетишине болгон аракетимди жумшайм. Бар тилегеним — карындашымдын бактысы. Өзүм ушул спорт тармагында көптөгөн ийгиликтерди жаратып, элимдин сыймыгы болсом дейм. Ата-энемдин да арбагы ыраазы болсо деген тилегим бар. Азыркы учурда байкемдин колундамын. Ал атамдын бир тууган иниси», - деди ал.

Чомотой Туратбеков: «2005-жылы Талды-Булак айылынын Ы.Борончиев атындагы орто мектебине кирип, окууну бүткөн соң, 2016-жылы Бишкек шаарындагы Экономика жана каржы институтуна тапшыргам. Ал жакты ийгиликтүү аяктагандан кийин Токмок шаарындагы Кыргыз гуманитардык жана техникалык университетине тапшырдым. Учурда 2-курста окуп жатам.

Спортко кичинекей кезимде эле кызыкчумун. Айылда көк бөрү оюндарынан эч качан калбай катышып жүрчүмүн. 18 жашымда Чүй облусундагы "Тынай-2" жаштар командасында ойноп жүрдүм. Ал эми кулатуу спорту менен 2016-жылдан баштап машыгып, көптөгөн мелдештерге чыгып жатам. Бир нече жолу жеӊиштерге жетиштим. Кечээ жакында эле Бишкекте Азия чемпионаты болуп, ага республиканын бардык аймагынан спортчулар келди. Анда 71 кг салмакта биринчи атаандашымды 1-раундда (муунту ыкмасы менен) жеӊдим. Экинчи атаандашымды деле ушундай кылып жеӊдим. Финалдык беттеште ийгилик каршылашыма буйруган экен. Ошентип 2-орунду алдым. Бул мелдеш аябагандай кызыктуу болду», - деди ал.

Анын машыктыруучусу Мирлан Усманов Чомотойго «Спартак» деген каймана атты ыйгарган.

«Өзү "300 спартанцев: Расцвет империи" аттуу тасма жагат деп калды. Өзүнүн дене түзүлүшү, жүрүм-туруму ошол тасмадагы каарманга окшошуп кетет. Ошол себептен "Спартак" деген каймана атка ээ болду. Мен бул окуучумдун келечегинен көптү үмүттөнөм», - деди машыктыруучусу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×