Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Баракелде, Бишкек 05.11.2018 17:35 Жаңыланды: 05.11.2018 19:14 На русском

Бишкекте түнкү клубдагы мас кыздар «Айфон» телефондорду талкалап, жаш кызды сабашты

Turmush -  Түнкү клубдардын биринен бишкектик тургунду ур-токмокко алууга шектелип, 23 жаштагы жана 21 жаштагы кыздар кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 5-ноябрда Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, кечээ, 4-ноябрда «102» кызматына болжол менен саат 03:45 чамасында түнкү клубдардын биринде аялдардын арасында мушташ чыккандыгы тууралуу кабар түшкөн. Окуя болгон жерге Бишкек ШИИБдин жана Ленин РИИБдин ыкчам тергөө тобу барып, кыздардын арасындагы чырдын чоо-жайын териштиришкен. Анда мас абалдагы эки кыз бишкектик тургунду эч себепсиз ур-токмокко алып, «iPhone 6S» жана «Phone X» үлгүсүндөгү уюлдук телефондорун атайылап сындырышкандыгы маалым болгон.

Окуя болгон күнү жабырлануучу милиция кызматкерлерине кайрылып, 4-ноябрда түнкү клубдардын бириндеги мас абалдагы эки кыз аны ур-токмокко алып, денесине жаракат келтиргенин айткан. Ошондой эле аларга тиешелүү чара колдонууну өтүнгөн. Аталган факты боюнча Ленин РИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси менен (бейбаштык) кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Аталган кылмышка шектелип 1997-жылы туулган С.Б. менен 1995-жылы С.М. кармалышты. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×