Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Чүй облусуЫсык-Ата району 05.11.2018 17:31 На русском

Чүйдө кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Ал Апрель окуясында жоголгон тапанчаны сактап жүргөн (сүрөт)

Turmush -  Бишкек ШИИБдин Криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлери ок атуучу куралды сактап жүргөн адамды кармашты. Бул тууралуу бүгүн, 5-ноябрда ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 30-октябрь күнү криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери Чүй облусунун аймагында ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, 1962-жылы туулган Т.Т.ны кармашкан. Анын үйүн тинтүү учурунда Макаров үлгүсүндөгү тапанча жана 6 ок табылган. Табылган курал баллистикалык экспертизага жөнөтүлүп, анын жыйынтыгында 2010-жылдагы Апрель окуясында жоголгон курал экени аныкталды.

Бул факты боюнча Ысык-Ата РИИБдин тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексиндеги 241-берененин (ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү) негизинде кылмыш иш козгоду.Ал эми шектүү 2 айга камакка алынды.

Криминалдык милиция кызматынын маалыматы боюнча, шектүү буга чейин адам өлтүрүү жана алдамчылык боюнча соттолуп, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турат. Учурда бул факты боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Сервера временно не доступны

По техническим причинам все серверы АКИpress сейчас заняты и не могут ответить на Ваш запрос. Приносим свои извинения за доставленные неудобства.

Попробуйте зайти позднее.

Администрация сайта АКИpress



All AKIpress servers are currently busy and cannot respond to your request due to technical difficulties. We apologize for any inconvenience.

Please, try again later.


Техникалык себептерге байланыштуу АКИpress'тин бардык серверлери бош эмес жана Сиздин чакырыкка жооп бере албайт. Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз.

Бир аздан кийин кайталап көрүңүз.