Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Талас облусуТалас району 06.11.2018 10:55

Айыл турмушу: Таластык Гүлбү апа саанчы болуп иштеп, колхоздон 7 бөлмөлүү үй алган (фото)

Turmush -  Талас районунун Кум-Арык айылынын 72 жаштагы тургуну Жумашалиева Гүлбү апа көп жыл саанчы болуп иштеп, колхоз үй куруп берген. Аймактык кабарчы ардагер ападан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, Кум-Арык айылында эле чоңойгон.

«1965-жылы мектепти бүтүрүп, окууга тапшырбастан үйдө апама жардамчы болуп калдым. Көп узабай турмушка чыктым. Жолдошум экөөбүз үйлөнгөндөн аз убакыт өткөн соң апам бизди «май заводдо иштегиле» деп азыркы Токтогул шаарына жиберди. Ал жерде жумуш татаал эле, аябагандай кыйналдым. Бир күн кечке сууда туруп иштеген учурлар болуп жатты. Ал жерде аз убакыт иштеп, Таласка кайттык. Таласта колхозго саанчы болуп ишке орноштум. Май заводдун жумушу кыйын десем саанчы болуш андан да кыйын экен. Таңкы саат 4:00дө туруп, уйлардын алдын тазалап, анан саанга кирет элек. Сүзөнөөк, тебенээк уйлар сүзүп, чакаларды тээп, сааганда кыйынчылыктар көп болчу. 2 балам удаа болуп, үйгө чуркап балдарды карап, кайра саанга барып иштеп жүрдүм.

Албетте кыйынчылыктын артында көп жакшылыктар бар экенине ишендим. Элге кылган кызматым үчүн көп жерден сыйлыктарды алдым. 1987-жылы колхоз Кум-Арык айылына 7 бөлмөлүү үй тургузуп берди. Азыркы күндө да ошол үйдө неберелерим чоңоюп жатат. Азыркы учурда ардактуу эс алууга чыгып, келиниме жардамчы болуп неберелеримди карап жаткан учурум», - деди ал.

Гүлбү апа 1 уул, 1 кызынан 7 неберелүү болгон. Жолдошу Жумашалиев Калыбай ата 2002-жылы көз жумган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×