Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
05.11.2018 14:14

Чүйдө бир жумада 35 мас айдоочу кармалды

Turmush -  Чүй облусунун аймагында бир жуманын ичинде, тактап айтканда 29-октябрдан баштап 5-ноябрга чейин транспорт каражатын мас абалда башкарган 35 айдоочу кармалды. Бул тууралуу Чүй облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жол тескөөчүлөр бир жуманын ичинде жол эрежеси жалпы 4139 жолу бузулганын аныкташкан. Алардын ичинен 35 айдоочу унааны мас абалда башкарса, 5 айдоочу унаасын караңгылатып алган. Ошондой эле 43 айдоочу транспорт каражатын тиешелүү докуметтери жок башкарса, 975 айдоочуга унааны катуу ылдамдыкта башкарганы үчүн айып салынды.

Ал эми 104 унаа айып аянтчасына киргизилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×