Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Талас облусуБакай-Ата району 05.11.2018 13:19

Айыл турмушу: Бакай-аталык С.Казыбаев «Б» деген тамга басып койгон уйлар 3 күндүн ичинде жок болушу керек (фото)

Turmush -  Бакай-Ата районуна караштуу Бакай-Ата айылынын 56 жаштагы тургуну Советбек Казыбаев 32 жылдан бери мал-жандыктарды дарылап, элге кызмат кылып келет. Аймактык кабарчы ветеринардан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, Бакай-Ата районуна караштуу Кызыл-Октябрь айылында чоңойгон. Бала кезинен бери малга жакын болуп, 1986-жылы ветеринар кесибине ээ болгон.

«Малды дарылоо менен бирге кулактарына бирка басып, идентификациялык номур берем. Анткени ал аркылуу этин сыртка экспортко кетиргенге болот. Сүт аркылуу бруцеллёзду номур менен текшеребиз. Номур менен анализдер алынат жана жыйынтыгы келет. Мал базарга дагы малды алып чыкканда биркасы болушу керек. Эл дагы малдын биркасына карап соода кылууга көнүп жатат.

Айыл ичин кыдырып, жаңы туулган торпокторго бирка басып чыгам. Айыл өкмөт дагы мал доктурлар менен байланышта. Бирка басылгандан кийин малдын идентификациялык номуру менен мал ээсинин паспортунун номуру компьютердеги базада сакталат.

Мал-жандыктардын бардык түрлөрүн дарылайм. Айыл тургундары малы ооруп калса же башка жардам көрсөтүү керек болуп калса кабарлашат. Айыл ичинде малдын анализдери текшерилип турат. Текшерүүдөн бруцеллез чыгып калса, ээсине барып эскертем жана жаагына «Б» деген тамга басып коем. Ал уй 3 күнгө жетпей союлуп жок болушу керектиги эскертилет. Дарылаганга болбойт. «Б» деген тамга басылгандан кийин малды базарга дагы алып чыгып сата албайт.

Жылына 2200 уйду эмдөөдөн өткөрөм. Үч-Эмчек жана Наматбек айылдарында дагы жаш мал доктур балдар бар. Алар ошол аймактардагы малдарды карашат. Бул иштин кыйынчылыгы жок эмес. Күн-түн дебей чакырууларга барам. Кээ бир бооз уйлардын торпоктору тескерисинен келип калат. Оңдоп алууга туура келет. Диагнозуна жараша ар кандай дарылоо жүргүзүлөт. Шарп, сибирь жарасына жана башка ылаң ооруларга карата 6 ай сайын эмдөө болуп турат. Быйыл дагы кара сан деген жугуштуу оору чыгып, жайлоолорго чейин кыдырып барып, дарылоо менен токтотуп калдык.

Ал аба, суу менен тарайт. Кара сан болгон малдын туягындагы жана жамбашындагы булчуң эттери шишип, ичинен ириң сууга айланып, канга аралашып, бат эле өлүмгө дуушар кылат. Ошондуктан алдын алып, ушундай ылаңдар болбосун деп эмдөө жүргүзүп турам», - деди ал.

Каарманыбыз мындан тышкары жакында бир уйду өлүмдөн сактап калганын айтып берди.

«Жакында эле айылдаш бир жигиттин ую жаңы эле тууган экен. Турбай жатып, кыйналганынан өлөйүн деп калыптыр. Мени чакырышып, барсам уй тууганжан кийин ооруп (послеродовой парез) калган экен. Мында желинди аба менен үйлөп, өзүнүн калыбына келтириш керек. Мен барганга чейин уй ээси бычак алып сойгонго даярданып турган экен. Толук дарылоо иши бүткөнчө ээси уйдун жашап кетерине ишенген жок. Желинге аба кирип, кеңейгенде аркасында жүлүн нервдери кысылып, уй өз калыбына келгенге жардам берет. 20 мүнөттөн кийин уйдун туруп алып торпогуна барганын көргөн ээси таң калып, ыраазы болду.

Мындай учурлар көп болот. Эгерде ушундай учурда ветеринарды чакырбаса мал өлүп калат. Чакырганда ыкчам жетип, жардам кылганга аракет жасайбыз», - деди ал.

Ветеринар аксакал 1 уул, 3 кыздын жана 4 неберенин атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×