Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Чүй облусуЖайыл району 05.11.2018 13:15 На русском

Айыл турмушу: Көк бөрүчү Кубаныч Оштогу мелдеште мыкты аталып, тайпасы 500 000 сом менен сыйланды (сүрөт)

Turmush -  Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Суусамыр өрөөнүнүн 26 жаштагы тургуну Кубаныч Султан уулу Ош шаарында Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына арналып өткөрүлгөн көк бөрү боюнча мелдеште мыкты оюнчу аталды.

Кубаныч бул мелдешке Чүй облусунун тайпасы менен катышкан. Жети облустан чогулган командалардын ичинен чүйлүк көк бөрүчүлөр 1-орунду багындырды.

«Мелдешке Краз аттуу тулпарымды минип бардым. Мелдеш абдан жакшы өттү. Ага жети облустун курама тайпалары жана Бишкек, Ош шаарынын командалары, жалпы 9 тайпа катышты. Биздин тайпа финалда Ысык-Көл облусунун командасы менен беттешип, аларды жеңип алдык. Финалдык оюнда улакты 4 жолу казанга таштадым», - деди ал.

Аталган мелдеште 1-орунду алган Чүйдүн тайпасы 500 миң сом, 2-орунда алган Ысык-Көлдүн командасы 250 миң сом, 3-орунга ээ болгон Таластын тайпасы 100 миң сом менен сыйланды. Ал эми Ош облусунун тайпасына 80 миң сом берилди.

Буга чейин Кубаныч аймактык кабарчы менен болгон маегинде эң алгачкы мелдешинде эле мыкты чабуулчу аталганын айтып берген болчу.

Көк бөрүчү «Суусамыр», «Сары-Өзөн», «Биримдик» жана башка тайпаларда ойногон.

«Алгачкы жолу "Суусамыр" тайпасына кошулуп, биринчи мелдешке чыкканда эле "Мыкты чабуулчу" наамын утуп алганым эсимде. Чынында кубанычымда чек жок болчу. Ал кезде 19 жашта болсом керек. Ушул мелдеште тушоом кесилип, андан кийинки мелдештердин көбүнөн калбай катышып келе жатам. Кудайга шүгүр, жеңиштерди, ийгиликтерди багындырдым. Ата-энемдин сыймыгына жетсем экен дейм», - деген ал.

Спортчу Байтур аттуу тулпары тууралуу айтып берген эле.

«Негизи көк бөрүгө минген атың да даяр болушу керек. Машыгуудан өткөн, тажрыйбалуу ат болсо, оюнчуга да ошончолук жакшы. Ат менен оюнчу бири-бирине төп келсе, анда оюн сен үчүн өтө кызыктуу болот. Көк бөрүгө Байтору, Байтур, Красс, Атаман аттуу тулпарларды миндим. Булардын ичинен Байтур тулпарым менен мелдештерге көп катыштым. Байтурум мага көп ийгилик алып келген акжолтой тулпар болду.

Келечекке кыялдарым, максаттарым көп. Көк бөрү боюнча жаш өспүрүмдөрдү машыктырып, көндүрүп, анын сыры менен бөлүшүп, үйрөтсөм дейм.

Өзүм 5 бир туугандын улуусумун. Ата-энем менен Суусамыр өрөөнүндө турам. Азырынча бойдокмун. Көк бөрү чынында кооптуу оюндардын бири. Башында үйдөгүлөр, ата-энем каршы болушкан. Андан кийин көнүп кетиштиби же мени аяштыбы, айтор каршы болбой калышты. Көк бөрүдөн сырткары үйдө мал чарбачылык менен алектенебиз», - деген ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×