Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 05.11.2018 12:04 На русском

Айыл турмушу: Ар улуттан күйөө балалуу болгон Ж.Үркүнова 30 жылдан бери эл агартуу тармагында эмгектенип келет (сүрөт)

Turmush -  Билимдин бийиктигин, тарбиянын тереңдигин туу туткан, жаңыча ойлоого, новатордук көз карашты калыптандырууга, инновациялык жаңылыктарды жаратууга басым жасаган КРнын Билим берүүсүнүн отличниги, Чүй облусунун Кара-Балта шаарындагы «Золотой петушок» бала бакчасынын башчысы Үркүнова Жаңыл Аманатовна 30 жылдан ашуун убакыттан бери агартуу майданында үзүрлүү эмгектенип келет.

Бул бакчада 450 бала тарбияланат. Аларга жалпы 39 кызматкер түрдүү кызматтарды көрсөтөт. 12 топто 12 тарбиячы эмгектенип, КРнын Билим берүүсүнүн мыктылары: Мария Шаршембиева, Гүлнара Никольская, Светлана Пиндюринадан үлгү, таасир алышат. Балдардын эс алуу, тамактануу, уктоочу, ойноочу жайлары талапка шайкеш. Ар бир бөлмөнүн өз алдынча спецификалык бөтөнчөлүгү болгону менен органикалык биримдиги активдүү борборго баш ийдирип турат.

«Туура. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз билим берүү академиясы тарабынан сунушталган мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин тарбиячылары жана педагогдору үчүн “Тарбиячыларга кеп-кеңештер” усулдук колдонмо негизги окуу каражатына айланган. Анда сунушталган активдүүлүк борборлору: искусство жана чыгармачылык, математика жана конструкциялоо, илим, сабат ачуу/китепкана, кум жана суу борборлору жана башка жергиликтүү шартка ылайыкташтырылып башкача айтканда шартталып өтүлөт. Тарбиячылар-педагогдор тарабынан чыгармачылыкта тереңдетилет. Менин негизги максатым — иштин ийгилиги, натыйжалуулугу, кайтарымы болуусу үчүн толук шарт түзүп берүү. Негизги принцибим — системалуулук, иреттүүлүк, тазалык, тартип, дени сак балдарды тарбиялоо, туура тамактандыруу, дүйнөгө болгон көз караштарынын алгачкы кадамдарын түптөө. Мындай асыл ойлорго жетүүдөгү кош канатым — тарбиячы-педагогдор жана ата-энелер», - дейт ал.

Бул бала бакча өткөн окуу жылынын жыйынтыгы жана 2018-2019-жаңы окуу жылына даярдоо боюнча райондук мектепке чейинки мекемелер арасында «Эң мыкты бала бакча» номинациясына татыган. Мындай жемиштүү ийгилигин жамаатынын жетишкендигинен көрөт жана сыймыктанат.

Мөмөлүү дарактай уул-кыздары Эржан, Буаржан, Зауреш, Мадина, күйөө балдары — Дмитрий, Мирбек, келини Мээрим, неберелери — Ахтар, Алина, Адэма, Аделя, Алима, Динара, Мадиярлардын сый төрүндө жүргөнү, көп улуттуу үй-бүлөнүн энеси болгону эле өзүнчө жылуу сөз козгоого татыйт.

Башкаларга үлгү, бакчага күзгү болушкан — Рыбальченко Марина, Яппарова Флюра (логопед), Якубова Марина, Усенова Чынар жана Саадат Саиджановалар устат тарбиячы-педагогдор. Ал эми спортту сүйгөн тарбиячы Сабира Жумагулова теннис, волейбол боюнча мыкты ойноп, бакчанын туусун желбиретет. Айтор, бакчадагы балдарынын жетилүүсүндөй алдыңкы иш тажрыйбалар канат байлап, агартуу майданында жайылтылууда.

«Ар бир бөлмөдө чыгармачылык менен жасалган дидактикалык таркатуучу материалдар бар. Алар өз алдынча ык-машыгууларга, көндүмдөргө үйрөтөт. Маселен, калемди туура кармап, колунун майда булчуңдарын (моторикаларын) бекемдөө, сүрөттөрдү боё, кайталап сызууга үйрөтүү эле өзгөчө методиканы талап кылат. Ошондой эле педагогикалык, психологиялык жагдайлар эске алынат. Мындай аракеттердин борборунда балдардын негизги ишмердүүлүгү — оюн аркылуу окутуу, тарбиялоо турат. Ал эми дидактикалык материалдар сапаттуу сабактын негизги каражаты», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×