Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Нарын облусуАт-Башы району 09.11.2018 21:42

Айыл турмушу: Ат-башылык Гүлзат Осмонова кыялын орундатып, 5 келинди жумуш менен камсыздады (сүрөт)

Turmush -  Ат-Башы районунун Ак-Муз айылынын тургуну Гүлзат Осмонова бала кезиндеги кыялын орундатып, кондитердик цех ачты. Ошондой эле ал 5 аялды жумуш менен камсыздаганын аймактык кабарчыга айтып берди.

Гүлзат Осмонова жолдошу Сүйүнбек Жолболдиев экөө 2017-жылдан бери таттуу токочторду жана нандын ар кандай түрлөрүн жасап, кошумча киреше табышат.

«Бала кезимден эле кондитердик цех ачууну кыялданчумун. Мектепти аяктагандан кийин тамак-аш өнөр жайы факультетине өтпөй калдым. Билимди башка тармак боюнча алып, учурда Ак-Муз айылындагы орто мектепте орус тили жана адабияты мугалими болуп иштеп жатам. Адам жашоодо бир гана нерсе менен чектелбей, өзүн ар тараптан сынап көрүшү керек экен. Кондитердик цех ачуу боюнча кыялымды жолдошум билчү. Акыркы бир жылдан бери ошол кыялыбызды ишке ашырып жатабыз», - дейт Гүлзат Осмонова.

Анын айтымында, алгач бир даана нан бышыруучу меш алып, өзү нан, таттуу токочторду жасаса, эки уулу нан бышырууга жардамдашып, ишкерликти башташкан.

«Мектепте да иштегендиктен нан бышырууга жумушчу күч керек болуп, 5 келинди жумуш менен камсыздап, кошумча дагы бир нан бышыруучу меш алдык. Учурда күнүнө 1,5 мүшөк ундан нан, таттуу нан жасап жатабыз. Мындан сырткары аш-той учурунда пирамида нан, себет нан жана таттууларга буюртма алабыз. Даяр болгон нандарды жолдошум Нарын шаарындагы жана Ак-Муз айылындагы дүкөндөргө таратып келет. Ассортиментти көбөйтүп, цехти дагы да кеңейтүү планым бар», - деп кошумчалады ал.

Гүлзат Осмонова 3 баланын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×