Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Талас облусуТалас району 03.11.2018 13:01 Жаңыланды: 30.01.2019 16:05

Айыл турмушу: Таластык Ырыскүл апа заманбап чапандарды тигип сатууда (фото)

Turmush -  Талас районуна караштуу Көк-Ой айылынын 68 жаштагы тургуну Кабаева Ырыскүл апа 11 жылдан бери чеберчилик менен алектенип келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Кара-Буура районуна караштуу Суулуу-Маймак айылында төрөлгөн. Кичинесинен эле тигүүчүлүккө кызыгат. Кесиби боюнча башталгыч класстардын мугалими.

«Башында кол өнөрчүлүгүмдү унутта калтырбай, бала-чакага чапан, чыптамаларды тигейин деп бел байлагам. Базардан өзүмдүн табитиме жаккан кездемелерди алып келип, чапан шырып берген элем. Кийинчирээк чоңдорго: келиндериме, кыздарыма, күйөө балдарыма азыркы стилдегидей кылып чапандарды шырып тигип бергем. Жумуштарына чейин кийип жүрүшкөн. Ошентип эл көрүп, кызыгып, суранычтар болуп тигип калдым. Чапандан тышкары айымдарга тиешелүү кол өнөрчүлүктүн баарын жасайм. Кыздарыма кичинекей кездеринде токуганды үйрөтүп койгом.

Кичинемде эчкилердин тыбытын талаадан чогултуп келсем, таенем ийрип жип жасап, жылуу жана чоң жоолуктарды токуп берип, мага дагы үйрөткөн эле. Чоң апам жана таенемдер кыздарына сеп даярдайбыз деп кийиз жасап, төшөк кураганда мени дагы жардамга чакырышып, үйрөтүшчү. Эмгектерим 1000 сомдон жогору бааланат.

Чапандарды башында тууган-туушкандарга бекер жасап берчүмүн. 1 чапанды 2 күндө бүтөм. Биринчи күнү өлчөп, кесип даярдап коем. Эртеси тигем. Эгерде сайма жана башка кооздуктарды кошуп жасасам анда 3 күн кетип калат. Анткени кооздоо иштери убакытты талап кылат. Синтетика кошпой, жалаң натуралдык кездемелерден шырам. Кээде келиним менен кызым жардам берет. Ден соолукка аябай көңүл бурам. Ошондуктан тердебеш үчүн натуралдуу кыздемелерди гана колдоном. Айрыкча кичине балдар тердебеш керек», - деди ал.

Чебер апа 3 уул, 2 кыз жана 14 неберенин энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×