Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Ош облусуКара-Суу району 03.11.2018 10:43 На русском

Кара-Суу районунда 6 жаштагы бала каналга түшүп кетип, денеси табылбай жатат

Turmush -  Кечээ, 2-ноябрда Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылында каналга түшүп кеткен 6 жаштагы баланы денеси табылбай жатат. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя кечээ 17:06 чамасында болгон. Каналга 2012-жылы туулган С.А. аттуу бала түшүп чөгүп кеткен. ӨКМдин куткаруучулары тарабынан издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, бирок баланын денеси табылган жок. Издөө иштери бүгүн, 3-ноябрь күнү да улантылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×