Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Ош облусу, Ош 02.11.2018 12:18 Жаңыланды: 02.11.2018 16:46 На русском

Видео: Бала бакчадагы кызын тумчуктурган келиндин көрсөтмөсү

Turmush -  Ош шаарындагы бала бакчалардын биринде баласын жаздык менен тумчуктурган 26 жаштагы келинге чыгарылган биринчи инстанциядагы өкүмдү Ош облустук соту күчүндө калтырды. Ал эми 1 жаш 7 айлык кыз убактылуу 6 айга камкордукка берилди.

Учурда келинди энелик укуктан ажыратуу маселесин Ош шаардык соту карап жатканын облустук соттун басма сөз кызматы билдирди.

Ош шаардык соту шектүү келинди 2018-жылдын 23-августунда 12 жыл 6 айга эркинен ажыратып, үй-мүлкүн конфискациялаган. Бул чечимге макул болбогон айыпталуучу апелляциялык арыз менен Ош облустук сотуна кайрылган. Арызды Ош облустук соту 24-октябрда карап чыгып, жыйынтыгында шаардык соттун өкүмү күчүндө калтырылды.

Ал эми айыпталуучу келин тергөө учурунда: «Силерден суранам, жардам бергиле. Мен баламды сагындым. Мага баламды бергилечи, экинчи бул ишти кылбайм. Айласыздыктан бул жолго бардым. Балам өлсө өзүмдү кошо өлтүрүп алат элем. Менден кийин бирөөнүн колуна түшүп, кор болуп калбасын деп кол салдым эле. Азыр кылган ишиме өкүнөм.

Туугандарым мени кабыл албай койгон. Алар менден баш тартышкан. Күйөөм менен ажырашып келгенден кийин башка эжелериңдин турмушун бузасың деп, туугандарым менден баш тартышкан. Биз 5 бир тууганбыз, баарыбыз кызбыз», - деген.

Ал эми Ош шаардык эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын балдарды жана үй-бүлөнү коргоо бөлүмүнүн башчысы Гүлзина Раеванын айтымында, учурда кызы бала багып алууну каалаган үй-бүлөнүн колунда.

«Наристе кыздын абалы оор болчу. Азыр жакшы чоңоюп жатат. Биз келиндин ата-энеси менен байланышканыбызда, алар небереси никесиз төрөлгөнүн айтып, багып алуудан баш тартышкан. Мындан улам Ош шаардык реабилитациялык борборго кызды жайгаштырганбыз. Учурда асырап алуу боюнча каттоодо турган үй-бүлөгө 6 айга камкордукка бердик. Ал эми келинди энелик укуктан ажыратуу үчүн Ош шаардык сотуна кайрылганбыз. Эми шаардык сот келинди энелик укуктан ажыратса, баласын асыроого беребиз», - деди Г.Раева.

-------------------------------------------------------------

Наристе бала бакчанын кызматкерлеринин кийлигишүүсү менен аман калган. Шектүүгө КРнын Кылмыш-жаза кодексиндеги адам өлтүрүүгө аракет жасоо (28-97-берене) беренесинин негизинде кылмыш иш козголгон болчу.

Шектүү келин кылмышка баруусун турмуштук оор шарты менен байланыштырып, туугандары каралашпаганы, күйөөсү менен ажырашканы жана жокчулук жашоодон кыйналганы менен түшүндүргөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×