Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Нарын облусу, Нарын 03.11.2018 15:45

Театр табыштырган жубайлар: Максат менен Рахима той башкарып жүрүп, бала бакчадагы кызын унутуп калышкан (сүрөт)

Turmush -  «Жубайлар» рубрикасынын кезектеги каармандары — 8 жылдан бери бирге түтүн булатып келе жаткан Максат Байзаков менен Рахима Дүйшөналиева. Алар Нарын шаарындагы Муратбек Рыскулов атындагы музыкалык драма театрынын кызматкерлери, ырчы жана тамада.

Максат Байзаков 1983-жылы Нарын шаарында төрөлгөн. Театрда иштегенине 13 жыл болгонун айтат. Айрым учурларда тасмаларда да роль жаратат. Үзүрлүү эмгегинин аркасы менен Ашыраалы Боталиев атындагы сыйлыктын ээси болгон.

«Ата-энемдин жумушуна байланыштуу Эмгекчил айылында таятамдардын колунда чоңойдум. Карындашым экөөбүз тең Эмгекчил айылында тоо койнунда ат минип, жайлоодо өстүк. 2002-жылы Нарын мамлекеттик университетинин экология факультетин окуп бүтүрдүм. Айылдагы кошуна байкеден комуз чертүүнү үйрөнүп алгам. Ал байке талантым менен иштөөгө кеңеш берди. Ырдайын деп театрга келдим, ошол кезде Адылбек Кыязов директор, Шамбет Мендебаиров агабыз көркөм жетекчи болчу. Алар менин талантымды байкап, 1 ай сынак тапшырып, андан кийин актер болуп театрга жумушка орноштум», - деди ал.

36 жаштагы актер жубайы Рахима менен кантип таанышып калганын айтып берди.

«Рахима театрга 2009-жылы келди. Аны көрүп эле жактырып, анча-мынча артынан чуркап жүрчүмүн. Бир жыл сүйлөшүп, турмуш курдук. Экөөбүздүн жашообузда казан-аяк кагышпай койбойт, жашоодо ар кандай чыр-чатактар болот. Мүнөзүбүз ачык болгондуктан урушсак 20 мүнөттүн ичинде эле тамашалашып жазылып кетебиз. Кудайга шүгүр, 2 кыз жана уулду тарбиялап жатабыз. Театрдан сырткары тамадалык кесипти аркалап, ырдайбыз.

Жашоонун өзү кыйын, үй-бүлөнү бузгусу келип, ушак айткандар болот. Андай учурларда дүлөй бака болуш керек экен. Өз оокатыңды кылып, эч кимди укпай, өз позицияңды карманып, алга деп гана жашай берсең жашооң жакшы болот. Үй-бүлөдө эң негизгиси ишенич керек. Ошондо ортодогу сүйүү, мамиле бузулбайт. Бири ачууланып турганда экинчиси ага маани бербей карманып, сабырдуу болуусу зарыл. Алдыда клип тартуу пландарыбыз бар», - деди ал.

Рахима Дүйшөналиева 1982-жылы Нарын районуна караштуу Кара-Кужур айыл аймагынын Жер-Көчкү айылында төрөлгөн. Мектепти бүткөндөн кийин Бишкек шаарындагы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство университетинде билим алып, 2009-жылдан баштап театрда эмгектенет. Ал Ж.Шералиев атындагы "Мыкты аткаруучу" төш белгисинин ээси.

«Театрда иштегениме 10 жылга жакындап калды. Жолдошум экөөбүз кесибибиз аркылуу тааныштык. Жолдошум көп калп айтпайт, айтса да бат эле билинип калат. Бири-бирибизди жакшы билебиз.

Бир күнү кызыбызды бала бакчага алып барып, өзүбүз жумушка кеттик. Ошол күнү тойдо тамадалык милдетти аткармак элек. Жумуштан түз эле тойго кетип калдык. Саат кечки он болуп калган. Бала бакчадагы тарбиячы бизге телефон чалып, "балаңарды кармап турам, качан келип алып кетесиңер?" деген эле. Биз ошондо араң кызыбыз бала бакчада экенин эстегенбиз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×