Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 01.11.2018 08:16

Айыл турмушу: Билим берүүнүн отличниги Г.Мамырбаеванын турмуш түрмөгүндөгү бейнесине сүртүмдөр (сүрөт)

Turmush -  Жүрөгүн балдарга арнап, бүткүл өмүрүн эл агартууга байлаган, адамдык асыл сапаттарды туу тутуп, жашоосу педагогикалык философияга айланган КРнын Билим берүүсүнүн отличниги, «Мээримдүүлүк», «Ардактуу айым» медалдарынын ээси, баатыр эне Гүлнар Мамырбаева Чүй облусунун Кара-Балта шаарынан 55 жаштагы тургуну.

Ал 1963-жылы Панфилов районундагы Кум-Арык айылында мугалимдердин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Элибизде «уядан эмнени көрсөң ошону аласың» дегендей үйдүн текчелери толгон адабий-көркөм китептерди, гезит-журналдарды жаштайынан барактап, жан дүйнөсүн андагы кооз сүрөттөргө, кызыктуу аңгемелерге, поэзия саптарына сугарды. Ошондон түйүлдүктөй түйүлүп, бүчүр байлап жетилип, ыр жазууга болгон ышкы отунун алгачкы азаны чакырылгандыр. Мүмкүн жаратылышы кооз кичи мекенинин табияты, ата-энесинин төгүлгөн мээриминин ак шооласы дилине шөкөттөлүп талант уюткусун түптөгөндүр. Кыскасы, үйдүн куту, мээримдүү эне, мыкты мугалим, таасирдүү тарбиячы, сөзү так, ниети ак айым Гүлнар Жекшеновнанын турмуштагы алгачкы кадамдары билим дүйнөсүнө ташталганы тектүү экендигинен кабар берет.

«Ооба, окуучулук күндөрүм, балалыгым элетте өттү. Сабактан келгенден кийин эле эрмегим да, жан курбум да адабий китептер болду. Андагы каармандар менен жашап калбадымбы. Үй тиричилигине жардамдашып жүргөн учурумда да окуялар оюмду ээлеп, кийинки сюжеттери кызыктырып турар эле. Орто мектепти аяктап, борбордон ЖОЖдо окуп, орус тили жана адабияты мугалими адистигине ээ болдум. Балалык, жаштык кезимде окуган китептерим кайда болсом да руханий азык, байлык болуп, жашоомо жарык нурун чачып турду. Ошондон ойлоном да, ар бир үйдө китеп, гезит-журнал болуусу керек экен. Акын Б.Сарногоев айткандай: “Китептери жок болсо, килемдерин окуйбу?”. Туурабы. Коом улам өзгөрүп барат. Жаштарыбыз интернет булактарынан башы көтөрүлбөйт. Эми анда кандай гана маалымат жок. Окусун, билсин. Эч кимдин каршылыгы жок. Бирок тандоо жолун да билүү керек да. Ал эми китептин ролу өзгөчө. Аны күндөлүк жашоосуна, турмуш туткасына айланткан адамдар гана билет», - деди ал.

32 жылдык педагогикалык тажрыйбага ээ, Кара-Балта шаарындагы «Нур-Бешик» балдар бакчасынын башчысы Бишкекте өтүлгөн КМШ мамлекеттеринин мугалимдеринин жана билим берүү кызматкерлеринин V съездинин делегаты Гүлнар Жекшеновна төмөндөгүлөргө токтолду.

«Эмгек жолума бир кылчайып карасам татаал, жооптуу, ары кызыктуу күндөр өмүрүмдү коштоп келет. Таң калам. Убакыт учкан куш сымал тура. Алп акын Алыкул “Адамдын акыл эсин камчыланып, замана кайда зуулдап баратасың” дегендей күндөр айга, айлар жылга сапталганын кээде сезип-сезбей келет шекилдүүбүз. Ошондон ой түрмөгү жаралып, бүткүл эс тутумум балдар менен жашоо педагогикалык философияма айлангандай туюлат.

“Нур-Бешик” балдар бакчасы 2015-жылдын 3-июнунда кадам таштаган. Бакчабыздын таржымалы өзүнчө поэма. Союз ыдырап, түрдүү мекемелер туш тарапка таркап, айтор ар ким өз көмөчүнө күл тартпадыбы. Бул бала бакча да ошолордун бири. Балдарыбыздын ырыскысына кайрадан “Нур-Бешик” атка конуп, нурун төгүп, ак бешигин терметип колубузга тийди. Али жаш, болгону 3 жаштагы балдар бакчабызда кыска мөөнөттө көптөгөн ийгиликтер жаралды. Кош кабаттуу, айланасы арча, гүлгө оролгон, балдардын ойноочу, эс алуучу жайлары талаптагыдай жасалгаланган билим, тарбия уябызда 420 бала бар. Көп улуттуу, 11 топтон турат. Иш ыргагы кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзүлөт. Мамлекеттик кыргыз тилин окутууга басым жасап келебиз. Алдыңкы тарбиячылар — Пасечникова О.Н., Кифоренко С.В., Мавлянова Н.Н., Аракеева А.Ш., Таштемирова А.И. жана башкалар өздөрүнүн иш тажрыйбалары, инновациялык табылгалары менен башкаларга үлгү. Бизде традицияга, салтка айланган өзгөчө жагымдуу жагдайыбыз бар. Ар бир сабагыбыз көргөзмөлүү өтүлүп, дидактикалык материалдарыбыз өтө көп. Тарбиячыларыбыз жаңыча иштөөгө багытталып, новатордук жаңылыктарды жаратат. Учурда күз майрамы ата-энелердин, коомчулуктун катышуусунда майрамдык маанайда өтүлүүдө. Кыскасы, жаңылык, жакшылык баары келечегибиз болгон балдарыбыз үчүн.

Өмүрдө, жашоодо өтө кубанычтуу, түбөлүк эсте кала турган учурлар болот тура. Ошолордун бири жакында съездге катышып келдим. Ал “Туруктуу өнүгүүнүн максаттарынын контекстиндеги КМШнын катышуучу – мамлекеттердин билим берүү системаларын өнүктүрүү” темасынын алкагында өтүлдү. Анда 9 секция өз ишмердүүлүгүн жүргүзүштү. Мен “Эрте жаштан өнүктүрүү жана мектепке чейинки билим берүү” секциясынан көп жаңылыктарды алдым. Негизгиси топтолгон, учурда пайдаланып жаткан тажрыйбаны кайрадан инновациялык жаратымда, новатордук көз карашта аңдоо салуу зарылчылдыгын туйдум. Кошумча билим берүүнүн жаңы механизмдери, технологиялары жүрөгүмө сыйды. Бул Кыргызстанда биринчи жолу балдардын келечегине багытталганына сыймыктандым. Алган маалыматымды жамаатым менен бөлүшүп келем. Жаңыланууга жаңы жолдор багыт алды. Биз билгенден биле элек дүйнөлүк жаңылыктар дале жан дүйнөмдө жаңырып турат», - деди Гүлнар Мамырбаева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×