Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Талас облусу, Талас 01.11.2018 10:00

Айыл турмушу: Н.Жусупов күнүнө 12-13 миң киши-кирип чыккан аймактын тартибин сактап иштейт (фото)

Turmush -  35 жаштагы Нурахим Жусупов Талас шаардык ички иштер бөлүмүндө аймактык тескөөчү болуп эмгектенүүдө. Аймактык кабарчы тартип сакчысынан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылында чоңойгон.

«2001-жылы мектепти аяктаган соң Талас мамлекеттик университетинин технологиялык факультетинин жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнө тапшыргам. Кошумча инженер адистигин алгам. 2010-жылдан тарта ички иштер бөлүмүндө иштеп баштадым. Алгач Талас облусунун Кара-Буура райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө айдоочу болуп киргем. 5 айдан соң Талас шаардык ички иштер бөлүмүнө которулуп, коштоп жүрүүчү (конвой) болуп иштедим. 2014-жылдан тарта Талас шаардык ички иштер бөлүмүндө аймактык тескөөчү болуп иштеп баштадым.

Шаарда иштеген райондорго караганда бир аз кыйыныраак. Келип-кеткендер көп болгондуктан, көптөрдү тааныбайсың. Менин аймагымда 3800 калк жашайт. Мен борбордук аймакты тейлегендиктен ичинде борбордук базар, парк, стадион кирет. Бир күндө бул жерлерге 12-13 миң киши кирип-чыгат. Биздин жумушка арыздарды чечмей жана аймактагы жашоочулар менен байланыш түзүп, профилактикалык иш жүргүзүү кирет. Алдын алуу иштеринде үй-бүлөдө чыр чыкса аны да карайбыз. Биринчи чакырыкта эскертүү беребиз. Экинчи чакырыктан кийин өзүбүздүн каттоого алып, такай көзөмөлгө алабыз. Жубайлардан чатак чыгарган ким, жүрүш-турушу кандай экенин тактайбыз. Бул өзүбүзгө да жакшы. Себеби үйдөгү чырдан эле аялын өлтүрүп салган окуялар болуп кетет. Кырсыктын алдын алуу үчүн ар бир адамдын шартын түшүнүп, туура коммуникация жүргүзүү керек», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле эсинде калган окуяны эскерди.

«Быйыл кыш айында Талас шаарында каракчылык болгон. 3 бала батир тоноого кирген экен. Ээси ойгонуп калгандыктан аны менен алышып, үйдүн ээсин чаап, айнектен качып чыгышкан экен. Карда изи менен 4 км ашык аралыкка жөө кууп жүрүп компьютердик клубдан кармаганбыз. Балдардын жанынан арматура жана башка далилдүү заттар алынган.

Жубайым досторубуздун ичинде «жолдошум убак-сааты жок жумушта иштейт» деп күлүп калат. Жумуш убактысы саат 8:30да башталып, кечки 19:00-20:00 чамасында бүтөт. Үйдө жаткан учурда чакыруулар болот. Кээде ушул жумуш ордубузда түнөп калган күндөр да болот. Жубайыма жаңы үйлөнөр алдында эле «жумушум ушундай, макулсуңбу?» деп айтып алгам (күлүп). Башында көнбөй жүрдү, бирок азыр түшүнөт», - деди ал.

Жубайы Замира Жолдошалиеванын айтымында, жолдошун качан келсе да ысык тамак менен күтүп алат.

«Кичинемде милиционерлердин формасы аябай жакчу эле. Ким кийип жүрбөсүн сулуу көрүнчү. Эми минтип жолдошум милиционер болгондуктан, формасын жумасына тазалап, үтүктөп, даярдап коем. Жолдошумдун жумушу кыйын. Ар тараптан менин колдоом маанилүү деп жардам бергенге аракет кылам. Үйдө дайыма тамак даяр турат. Атабыз кайсы маалды келбесин курсагын тойгузабыз. Жолдошум жөнөкөй, сабырдуу адам. Балдарына көп көңүл бурат. Убактысы канча тар болбосун бизге дагы убакыт таап, сейилдөөгө чыгып келебиз. Учурда 1 уул, 1 кыздын ата-энесибиз. Буйруса үй-бүлөбүзгө дагы толуктоо күтүп жатабыз», - деди жубайы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×