Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Талас облусуТалас району 31.10.2018 16:00

Айыл турмушу: Таластык Тайызбүбү апа 21 жылдан бери шырдактарды жасап сатат (фото)

Turmush -  Талас районунун Талды-Булак айылынын 60 жаштагы тургуну Чолуева Тайызбүбү апа 20 жылдан бери чеберчилик менен алек болуп келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Талас районунун Сасык-Булак айылынын кызы. 1976-жылы Талды-Булак айылына келин болуп келген. Кесиби боюнча тарбиячы. Айылдагы бала бакчада тарбиячы болуп эмгектенип жүрүп, пенсияга чыккан. Азыркы учурда бош отурбай, кол өнөрчүлүк менен алек.

«Илгери апаларыбыздын баары эле чеберчилик менен алек болушчу да. Менин апам дагы кийиз жасап, жүн менен иштечү. Мага кол өнөрчүлүктү апам үйрөткөн. Апам аялзатына тиешелүү болгон иштин баарын жасачу. «Кийин турмушуңда керек болот» деп мага шырдак жасаганды үйрөтүп койгон. Бирок мен кийин турмушка чыгып, айылдагы бала бакчага тарбиячы болуп иштеп калдым. Бош убактымда курак курап, кийим-кече тигүү менен алек болчумун. 1998-жылдан бери чеберчилик менен киреше таап келе жатам. Азыркы учурда шырдак шырыйм. Башында шырдактарды 2 миң сомдон сатып келдим. Ал убакта элдин баары шырдак менен иштеп калган. Сатып алуучулар аз болгондуктан арзан бааланчу. Негизи шырдактын пайдалуу жагы абдан көп. Жерге төшөлсө муздак өтпөйт, нукура жүн менен жасалгандыктан зыяны жок.

Биздин айылда мал көп, жүн жагынан эч ойлонбойбуз. Жүндү тыттырып келип, иштей беребиз. Бир шырдак жасоо бир адамдын колунан жалгыз келбейт. Ал учурда абысындарым жардам беришет. 4-5 аял болуп бир шырдакты 15 күндүн ичинде даяр кылабыз. Бардык эле шырдак бир өлчөмдө жасалбайт. Бөлмөлөргө ылайыктуу кылып, ар кандай көлөмдөгү шырдактарга буйрутма беришет. Мага көбүнчө узуну 3 метр, туурасы 1,5 метр көлөмдөгү шырдактарга буйрутма беришет. Аларды 6 миң сомго баалайм», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле шырдак кантип жасала тургандыгын айтып берди.

«Алгач жүндү тазалап, кийизди жасап, боёкко салабыз. Эки беттеп оюп, жөрмөп, ички кийизди жасап алабыз. Андан соң оюлган кийизди эки беттеп ыскыт басам. Ыскытты ийрип алып, боёкко салып чыйратып, оң-сол кылып ийрип, эки бетти бири-бирине каратып шоона менен басып коёсуң. Мунун баарына 15-20 күн убакыт кетет.

Шырдактарды буйрутма менен жасайм. Көрсөтмөлөргө да калбай чыгып келем. Көрсөтмөлөргө канчалык көп чыксам, ошончолук жакшы ыкмаларды үйрөнүп, көрүп келем. Жолдошум эмгегимди баалап, колдоп келет. Чеберчиликтин арты менен үйдөгү оокат-ашты таап келе жатам», - деди ал.

Тайызбүбү апа 4 кыз, 1 уул, 18 неберенин апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×