Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Чүй облусуСокулук району 31.10.2018 15:51

Айыл турмушу: Саяпкер Адилет Кадыркуловдун күлүгү аламан жарышка түшүп, унаа утуп алды (сүрөт)

Turmush -  Сокулук районуна караштуу Жал айылынын 30 жаштагы тургуну Адилет Кадыркулов атасы менен бирге таптаган ат Ысык-Атада өткөн аламан жарышта «Жигули» унаасын утуп алды. Ал буга чейин да Тоң районунда Алыбек баатырдын 230 жылдыгына арналган мааракеде «Ниссан» утуп алган болчу.

Анын айтымында, аталган аламан жарышка 35ке жакын тулпар катышты.

«6-октябрь күнү Ысык-Ата районунун Алмалуу айылындагы ашта тай, кунан жарыш жана алман чабыш болду. 35тей тулпар жарышка түшүп, 1-орунга ээ болуп, "Жигули" утуп алдык. Атты атам экөөбүз таптап, даярдадык. Ушул эле аламан жарышта 2-орунду ысык-аталыктар алса, 3-орунду Сокулук районунун Кызыл-Туу айылынан барган чабандес жеңип алды.

Атамдын бир тууган иниси да ат таптайт. Ал 30-августта президенттин кубогуна арналган жарышка катышып, 1-орунду жеңди. Агам 2 жаштагы Ласточка аттуу тулпарын чапты. Ал бул ат менен той-аштарга катышып, байгелерди алып жатат», - деди ал.

Адилет Кадыркулов 3 жаштагы Кундуз аттуу байталы менен 2 жылдан бери ат чабыштарга катышып келет.

«Күлүк суутуп, мелдештерге катышып жатканыма 2 жыл болду. Эң алгач Ысык-Атада өткөн мелдешке катышып, 3-орунду алгам. Андан кийин Чолпон-Атадагы ат чабышта 1-орунду багындырдым. Сокулуктун 1-Май айылындагы мелдеште аламан жарыштан биринчи болуп келдик. Жакында эле Тоң районунда өткөн Алыбек баатырдын 230 жылдыгына арналган мааракеде аламан жарышка түшүп, 1-орунга татыдык. Байге катары "Ниссан" үлгүсүндөгү унаа беришти. Тоңдун эли күлүп-жайнап тосуп алып, байгебизди берип узатып жиберишти. Келечекте асыл тукум күлүк аттарды таптаган ферма курууну пландап жатам», - деди ал.

Ал саяпкерликтен тышкары эмерек жасаган чакан цех иштетет. Үй-бүлөдө 4 бир тууган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×