Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Талас облусуТалас району 30.10.2018 16:25

Айыл турмушу: Таластык Асылбү апа саанчы болуп иштеп, колхоздон 7 бөлмөлүү үй алган (фото)

Turmush -  Талас облусунун Кум-Арык айылынын 68 жаштагы тургуну Бекебаева Асылбү апа бир топ жыл саанчы болуп үзүрлүү эмгектенип жүрүп, үйлүү болгон. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, 1950-жылы Талас районунун Козучак айылында төрөлгөн.

«Мектепте жакшы окуйт элем, бирок жогорку окуу жайдан окуй албай калдым. 1968-жылы жолдошум Бекебаев Тасыбек менен баш коштум. 1971-жылдан тарта саанчы болуп иштей баштадым. Үйдөн деле үй саагандан качып, сиңдиме саадыртып койчу элем. Кийин 30дан ашуун уйду саап, аябай кыйналдым. Иштебей коёюн десем кайра чыгып кетүүдөн уялам. Ошентип түнү менен балдарды карап уктабай, таңкы саат 4:00дө саанга кетип жүрдүм. Эмгегим бааланып, 1987-жылы колхоз 7 бөлмөлүү үй берди. Саанчы болуп 2000-жылдарга чейин иштеп жүрдүм. Азыр пенсиядамын», - деди ал.

Асылбү апа мындан тышкары эне катары тарткан күйүтүн айтып берди.

«Өзүм 10 бала төрөдүм. Бирок жараткан бергенин кайра алып коёт экен. 10 баламдын бешөө көзгө көрүнүп эле чарчап калды. Баланын күйүтү энени жеп коёт экен. Көпкө унутпай кыйналып жүрдүм. Кайра кудай бул балдарымды аман койсун деп эле отуруп калдым», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×