Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Чүй облусуСокулук району 30.10.2018 15:22 На русском

Айыл турмушу: Актер Уланбектин апасы Ж.Асаналиеванын 41 жылдык билим берүүдөгү ийгиликтери (сүрөт)

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районунун 64 жаштагы тургуну Жумагүл Асаналиева 41 жылдан бери билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенип келди. Анын кыздары өзүнүн жолун жолдоп мугалим болсо, улуу баласы Уланбек кыргыз элине белгилүү актер болду. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Жумагүл Асаналиева 1954-жылы Нарын районунун Эмгекчил айылында төрөлгөн.

«Эмгекчил айылындагы орто мектебин 1972-жылы аяктап, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетине тапшыргам. Ал окуу жайды 1977-жылы ийгиликтүү аяктап, эмгек жолумду Нарын районунун Ийри-Суу орто мектебинен баштадым. Мен үчүн мугалим болуп иштөө, ары татаал, ары кызыктуу болуп көрүндү. Балдар дүйнөсү менен аралашып, балдардын кубанычын теӊ бөлүшүп, бала менен бала болуп кетчүмүн.

Мугалим болууну бала кезден эле кыялданчумун. Мектептеги жаш мугалимдердин баскан-турганын, сүйлөгөнүн туурай берчүмүн. Талыкпай эмгектенүүнүн натыйжасында ардак баракчасы, "Билим берүүнүн мыктысы" төш белгиси, Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын "Кыргыз тил" төш белгиси жана облустук, райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн мактоо баракчалары, дипломдору менен сыйландым.

41 жыл мугалим болуп, эч үзгүлтүксүз иштедим. Ал ортодо окуу бөлүмүнүн башчысы, директордун тарбия иштери боюнча орун басары, класс жетекчи болуп иштедим. Мугалим болуу бир жагынан оор, түйшүктүү кесип. Жаш муундарга билим, тарбия берүү, аң-сезимин өстүрүү жагы да биздин жоопкерчиликке жатат», - деди ал.

Ардактуу мугалим бош убактысында ыр жазып, чыгармачылык менен алектенет.

«Бош убактымда ыр жазам. Ырларым республикалык, райондук гезит-журналдарга жарыяланып келет. Ушуга чейин "Кыялым менин кызыл гүл", "Асыл жерим — Аралым" аттуу ырлар жыйнагын чыгардым», - деди ал.

Анын үч кызы, бир уулу бар.

«Улуу балам Уланбек актер. Ал көптөгөн тасмаларда роль жаратып, клип, жарнамаларга катышып жүрөт. Быйылкы Көчмөндөр оюндарында эӊ бийик чоку — Хан-Теӊири мөӊгүсүнө барып, видео-роликке тартылып, бизге мөӊгүнүн таза суусунан алып келди. Кичүү кызым Чолпон Сокулук райондук мамлекеттик администрацияда эмгектенет. Кийинки эки кызым мугалим. Бир кызым башталгыч класстын мугалими болсо, экинчиси менин жолумду жолдоп кыргыз тил, кыргыз адабияты сабагынан балдарга билим берип келет», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×