Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Талас облусу, Талас 30.10.2018 15:21

Айыл турмушу: Таластык машыктыруучу З.Иманалиев кол күрөш боюнча дүйнөлүк чемпионатка катышып келди (фото)

Turmush -  Талас шаарынын 47 жаштагы тургуну Замир Иманалиев кол күрөш боюнча машыктыруучу болуп эмгектенип, чемпиондорду тарбиялоодо. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Талас районуна караштуу Үч-Эмчек айылында малчынын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. 12-октябрь күнү Түркиянын Анталия шаарында армрестлинг боюнча өткөн дүйнөлүк чемпионатта 80 кг арасында күч сынашып келди.

«1997-жылы Талас шаарындагы Э.Кутманалиев атындагы стадиондун спорт комитетине келип иштеп калдым. Ушул жерде чакан спорттук залыбыз бар. Зал ичинде болуп өткөн спорттук мелдештерди жана машыгууларды көрүп жүрүп кызыгып кеттим. Башында бокс менен машыгып жүрдүм. Кийин штанга, гиря көтөрүү менен машыкчумун. Ал эми кол күрөш менен 23 жылдан бери машыгам.

1990-жылдары спортко кызыкккандар сейрек болуп, солгундап кеткен. 2000-жылдан бери спортко жашоосун арнагандар көбөйдү. Республикалык деңгээлдеги мелдештерге барып, ийгиликтерди жаратып, спортко болгон кызыгуум артып келген. Машыктыруучум болгон эмес. Айылда чоңойгом, кара күчтү туура пайдалануу менен көп нерселерди үйрөндүм. 7 жылдан кийин спорт чебери даражасына жетип, кол күрөш боюнча балдар-кыздар арасында машыктыруучу болуп иштеп калдым», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле шакирттери ийгиликтерди жаратып жаткандыгын кошумчалады.

«Сыймыктанып айта турган чемпион балдар-кыздарым абдан көп. Алардын бири — Руслан Тагиров. Кыргызстандын тарыхында бул спортчу жигит биринчилерден болуп эл аралык класстагы спорт чебери аталган. Көптөгөн кыздар гиря көтөрүү жана кол күрөш боюнча мелдештерге катышышты. Арасынан Азиянын чемпиондору чыкты.

Өзүм Азия аймагында өткөн бир нече мелдештерге барып, ийгиликтерди багындырып келгем. Көбүнчө 1-2-орундарды алам. 2013-жылы Ташкенттеги мелдеште 1-орунду, 2017-жылы Ысык-Көл облусунда өткөн мелдеште 2-орунду жеңдим. Түркиянын Анталия шаарында өткөн дүйнөлүк чемионатка катышып, тажрыйба топтоп келдим. Машыгуубузду күчөтүүгө бел байладым. Алардыкындай шарт жок деп кол куушуруп отуруп калбастан, аракет жасашыбыз керек», - деди ал.

Машыктыруучу мындан тышкары үй-бүлөсү жөнүндө айтып берди.

«2 уул, 1 кызым бар. Улуу балам Баатыр эсеп-кысап боюнча адис. Кызым 1996-жылы төрөлгөн. Учурда медициналык академияда 4-курста окуп жатат. Кенже уулум кесиптик орто билим берүү бөлүмүндө 2-курста билим алып жатат», - деди спортчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×