Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Чүй облусуАламүдүн району 09.11.2018 16:19

Айыл турмушу: 61 жаштагы Ишенбек Чалановдун териден жасалган эмгектери ондогон өлкөгө тараган (сүрөт)

Turmush -  Кыргызстандын дизайнерлер жана сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү, «Эл агартуунун мыктысы» төш белгисинин ээси Ишенбек Чалановдун эмгектери Америка, Дания, Кытай, Оман жана башка өлкөлөргө чейин тараган. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Ишенбек Чаланов 1957-жылы Нарын облусунун Кочкор районунда төрөлгөн. Кочкор районундагы орто мектепти 1974-жылы аяктаган. Андан кийин 1977-жылы С.А.Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайында көркөм кол өнөр бөлүмүндө билим алып, окууну ийгиликтүү аяктаган. Муну менен чектелбей, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетинин көркөм сүрөт искусство факультетин окуп бүтүргөн.

«Эмгек жолумду 1981-жылы С.Чокморов атындагы №92 кол өнөрчүлөр окуу жайында баштадым. 1985-жылдан азыркы убакка чейин С.А.Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайында колдонмо кол өнөр боюнча бөлүм башчы жана окутуучу болуп эмгектенип келе жатам. 1983-жылдан бери көптөгөн көргөзмөлөргө эмгектеримди алып чыгам. Бир топ эмгектерим АКШ, Германия, Голландия, Дания, Казакстан, Улуу Британия, Оман, Жапония, Италия, Кытай, Россия жана Кыргызстандагы жеке коллекцияларымда жана галереяларда коюлган.

Кезинде териден жасалган эмгектер бааланбай, "бул эски убактын иши" деген сөздөр намысыма тийчү. Бул биздин улуттук өнөрүбүз. Кыргыздын духун чагылдырган чоң өнөр. Панно, ат жабдыктарды жасоодо идеяны тарыхтан, илгерки уламыштардан алып, заманбап стилди да кошом. Көчүп-конуп жүргөн маалда териден жасалган буюмдар көркөм жана күнүмдүк оокатка пайдаланууга ыңгайлуу деп эсептелген. Кыргыздар үй куруп, отурукташкандан кийин бул буюмдар колдонулбай калган. Мен живопись менен графиканы токтотуп, булгаарыны көркөм иштетүү өнөрүн колго алдым. Себеби бул өнөр токтоп калган. Союз кезинде окуп жүргөндө исскуство адамдары уялбай, "бул эски нерсе" деп айтышчу. Мен ошондо аябай намыстанчумун.

С.А.Чуйков атындагы көркөм сүрөт окуу жайынын көркөм кол өнөр бөлүмү 1968-жылы ачылган. Ошол жылдагы бүтүрүүчүлөр бул өнөр менен алектенбей калган. Себеби алар окуган программа туура эмес болчу. Биз Прибалтиканын программасын көчүрүп алып окуганбыз. Ал биздин менталитетке туура келчү эмес. Мен ошону кайра иштеп чыгып, биринчи ушул окуу жайда программа кабыл алынган. Анда өткөн чак менен учур чактын ортосуна көпүрө программасын окутуп бүтүп, анын жыйынтыгын "Устат жана шакирт" деп көргөзмө менен отчет бергем. Азыр экинчи программа менен иштеп жатабыз. Ал "Учур чак менен келечек" деп аталат. Мында улуттук мүнөзүбүзгө туура келген тематиканы балдарга үйрөтүп жатабыз. Азыр бул боюнча 12ден ашык тайпа бар. "Устат жана шакирт" көргөзмөсүн окуучу балдар менен чогуу уюштурабыз. Териден жасаган буюмдар искусствонун бир бутагы катары өнүксүн деп аракет кылып жатам. Жөн эле көр тиричилик буюм катары эмес, искусство катары баалоо мезгили келип жетти», - деди ал.

Ал үй-бүлөлүү, 1 кыз, 2 уул жана 10 небереси бар.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×