Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Чүй облусуЫсык-Ата району 30.10.2018 11:18

Айыл турмушу: К.Бейшекова жаӊы келин болуп келген күнү кайненесине балканын кайда экенин көрсөтүп берген (сүрөт)

Turmush -  Чүй облусунун Ысык-Ата районунун 59 жаштагы тургуну Кызылгүл Бейшекова бир топ жылдан бери мугалим болуп иштейт.

Ал 1959-жылы 20-май күнү Нарын районуна караштуу Жан-Булак айылында төрөлгөн.

«Жолдошум менен курбу кызым турмушка чыкканда таанышкам. Ал курбу кызымдын күйөөсүнүн классташы экен. Экөөбүз мен жогорку окуу жайдан диплом алган күнү баш коштук. Жолдошум мени үйүнө алып барганда кайын журтум көшөгөнү тарта элек экен. Жолдошумдун апасы көшөгөнү илүү үчүн мык, балка алып келип, бирок какпай эле ары-бери басып жүрө берди. Көрсө балканы кармап алып, кайра балка издей бериптир. Мени болсо диванга отургузуп коюшкан. Мен аягында чыдабай кетип, "апа балка колуӊузда жүрбөйбү" десем, баары күлүп калышты. Ушуну эстеп көпкө чейин күлүп жүрдүк. Жолдошум ИИМдин ардагери. Азыр неберелер менен үйдө. Экөөбүз 2 кыз, 1 уулду тарбиялап өстүрдүк», - деди ал.

Ардактуу мугалим эл агартуу тармагында 34 жыл талыкпай эмгектенди.

«1966-1976-жылдары Жан-Булак орто мектебинде билим алып, 1976-1978-жылдары "Эдельвейс" комитетинде, жаштар бригадасында, комсомол уюмунда катчы болуп иштедим. 1978-жылы КМУнун тарых факультетинде билим алып баштап, 1984-жылы аяктадым. Студенттик мезгилде тайпабыздын старостасы, партиялык топтун уюштуруучусу, КПССтин мүчөсү болгом.

1984-1995-жылдары Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Туз айылындагы Серафимовка мектебинде эмгектендим. Андан кийин 1995-жылдан бери Кант шаардык К.Рыскулова атындагы мектеп-гимназиясында соцпедагог жана тарых мугалими болуп эмгектенип келем. Үзүрлүү эмгектин арты менен республикалык, облустук, райондук ардак баракчалар менен сыйланып, "Эл агартуунун мыктысы" төш белгисине татыдым», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×